ЖЭБ чуусу: 640 долларга бааланган кычкач, жемкорлор кимдер?

ЖЭБ чуусу: 640 долларга бааланган кычкач, жемкорлор кимдер?Быйылкы катуу суукта ЖЭБдин (ТЭЦ) бет пардасы сыйырылып, анын чуусу дагы деле бүтө элек. Эң аяз күндөрү жылуулуктун берилбей калышына күнөөлүү делип садага чабылган бул мекеменин жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу көп былык иштердин четин чыгарды.

Анын айтымында, ЖЭБ жетекчилиги 500 миң сомго чейинки гана иштерди өз алдынча жасай алат. Андан ашкан суммадагы долбоорлорду жогору жакта турган “Электр станциялары” ААКсы тейлейт. Мындан улам ЖЭБди реконструкция кылууга деп бөлүнгөн 386 млн доллар акчаны ЖЭБ жетекчилиги иштетпегенин, буга жогору жактагы аткаминерлер аралашканын болжоого болот.

ЖЭБ чуусу: 640 долларга бааланган кычкач, жемкорлор кимдер?Эске салсак, 26-январда ЖЭБде авария болуп, Бишкек шаарынын жашоочулары кыштын кычыраган эң суук күндөрүндө жылуулуксуз калган. Мындай абал бир жумага созулуп, күн тартибине бул кырдаал кандай себептерден улам жаралды жана ага ким күнөөлүү деген маселени алып чыккан. Өкмөт мекемелер аралык комиссия түзүп иликтеп кирсе, аны менен катар Жогорку Кеңеш да депутаттык комиссия түзүп иш алып барууда. Өкмөттүк комиссиянын ишмердиги буга чейин мамлекеттик менеджментке таандык өзгөчө жымжырттык жана жабык жүргүзүлүп келген болчу. Бирок, ЖЭБдин мурунку директору Нурлан Өмүркул уулу эшик жыртып жүрүп депутаттык комиссияга келип өз пикирин айта баштагандан бери коомчулук үчүн жаңы, шумдуктуудай маалыматтар ачыктала баштады. Айтмакчы, анын ЖЭБдеги бул абал боюнча оюн айтуусуна бут тосуулар дагы болуп, депутаттык комиссияга жолотпоого аракеттер көрүлгөнүн дагы айтып чыкты.

Эсеп-чоту жок долбоор

386 млн доллардык келишим менен ТВЕАнын ЖЭБди оңдоп калышынын башкы күнөөкөрлөрүн ар кай тараптан издеген коомчулук экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен экс-министр Осмонбек Артыкбаевдин кулактарын кызытышууда. Мындай айыптоолорго Осмонбек Артыкбаев “мен бул долбоорго катышканыма сыймыктанам, абайлап сүйлөйлү, кытайларды капалантып албайлы” таризинде жооп берди. Ал эми Жантөрө Сатыбалдиев болсо кечээ “Азаттыкка” атайын ЖЭБ чуусу боюнча маек берип, өз пикирин билдирди.

ЖЭБ чуусу: 640 долларга бааланган кычкач, жемкорлор кимдер?— Насыялык келишим эч качан бат эле түзүлүп калбайт. Ал негизделет, юридикалык текшерүүдөн өтөт, анан гана кол коюлат. Биринчиден, насыялык келишим түзүлгөндө эч качан техникалык-экономикалык негиздеме болбойт. Негиздеме насыя эффективдүү болгондон кийин болот. Насыялык макулдашуу болсо мыйзамдаштырылгандан кийин эффективдүү болот. Насыянын көлөмү (386 млн доллар) кытай тараптын сунушунун негизинде пайда болгон. ТВЕА Кытайдын тышкы иштер министрлигинин талабы менен келген компания. Суралган насыянын көлөмү мындан да чоң болчу, азыр так суммасын эстей албайм, бирок биз соодалашып отуруп 386 миллионго токтолгонбуз. 2013-жылы сентябрда мен кол койгон кезде чырлуу эмей эле, Кыргызстандын экономикасына пайда алып келет деген акча болчу. Мен кол койгон документте бир дагы коррупциялык элемент жок деп абийир алдында да, мыйзамдын алдында да жооп берем, – дейт экс-премьер.

Жантөрө Сатыбалдиев «мен кол койгон документтерге жооп берем» деп насыя боюнча Кытай менен Кыргызстандын өкмөттөр аралык келишимин айтып жатканын аңдоого болот. Бирок экс-премьер курулуш иштери боюнча «Электр станциялары» менен ТВЕАнын келишимине, каражатты андан аркы өздөштүрүү иштерине катышпаганын кыйытууда.

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Ж.Сатыбалдиевдин жогорудагы кебин ачыктан-ачык бурмалоо катары баалайт.

ЖЭБ чуусу: 640 долларга бааланган кычкач, жемкорлор кимдер?— ТЭО долбоорду ишке ашырууга каражат издөөдөн мурда, насыялык келишимге чейин даярдалышы керек – тартиби ушундай. ТЭОсу жана алдын-ала эсеп-чотуң жок туруп кантип акча издейсиң, каражат эмнеге жана канча көлөмдө керек экенин алдын-ала билишиң керек да? – деп суроо салат коомдук ишмер.

Нурлан Өмүркул уулунун айтымында, өндүрүштүк практика боюнча алгач модернизациялоонун ТЭОсу жасалып, анын негизинде ремонт ишин аткаруу керекпи же жокпу деген маселени чечип алыш керек. Андан кийин долбоордун эсеп-чоту (сметасы) жасалып, суммасы белгилүү болот. Чыккан суммага жараша тендер өткөрүш керек. Бирок иш жүзүндө баары тескерисинен болгон. Биринчи инвестициянын суммасы, анан аткара турган компаниянын аты пайда болгон. Курулуш иштеринин жалпы концепциясы айтылганы менен, ЖЭБди реконструкциялоо иштери алдын-ала түзүлгөн ТЭОсу, долбоору жок башталган.

Мындай маалыматты Эсеп палатасы да 2017-жылдын ноябрында билдирип чыккан болчу. Палата 2015-жылы “Электр станциялары” ААКсын текшерген. Аудитте маалым болгондой, долбоордун деталдуу эсеби жасалган эмес, жумшалуучу чыгымдар жалпыланып көрсөтүлгөн. Алсак, жабдыктардын баасы 164,6 млн $, курулуш иштери – 66,7 млн $, куроо жана ишке киргизүү иштери – 64,2 млн $, башка чыгымдар – 63 млн $ (анын ичинде административдик чыгым – 19,2 млн $), персоналдарды жана механизмдерди ташуу – 12,4 млн $, системаларды ишке киргизүү чыгымдары – 8,1 млн $, бузуу иштерине – 18,3 млн $, көзөмөл чыгымы – 7,4 млн $, калган жабдыктардын ишенимдүү иштешин камсыздоого – 9,1 млн $ деп эсептелген. Аварияга байланыштуу Эсеп палатасы февраль айында текшерүү ишин кайрадан баштап, бул жолу Палата назарын ЖЭБди модернизациялоо долбооруна бурууда.

Ал эми бул баш айландырган суммалардын аки-чүкүсү эми гана ар кайсы тешиктен суурулуп чыгып жатат. Маалым болгондой, долбоордун алкагында 1,8 млн долларга 128 видеокамера сатып алышкан – алардын ар биринин баасы 14500 доллар деп көрсөтүлгөн. Текшерген депутаттардын билдиришинче, камералар эч кандай өзгөчөлүккө ээ эмес, кытайдын кадимки камераларынан, чекене базарда болсо алардын баасы 300 доллардан ашпасы туш тараптан айтылууда. Ал эми кадимки күндөлүк турмушта колдоно жүрүүчү кычкачтардын бир жубун 640 доллардан “сатып алышса”, 2 трансформаторду 9 млн долларга баалашкан. Андай трансформаторлордун базар баасы ашып кетсе 1,5 млн доллар тураарын адистер баса белгилешүүдө. Бааларды ашыра жазуу долбоордун эсебинин дээрлик ар бир пунктунда бар экендиги айтылууда. Адистердин пикиринде, мындай ашкере асмандаган суммалар дүңүнөн айтылып, оңду-солду сарпталып калган 386 млн доллардын эсебин толтуруу үчүн жасалган амалдары болушу мүмкүн.

Классикалык суроо: Ким күнөөлүү, эмне кылуу керек?

Нурлан Өмүркул уулу авариянын түпкү себеби куурлардын “күтүүсүздөн” жарылып кетишинде эмес, ЖЭБде химцехтин курулбай калгандыгында экендигин кайра-кайра белгилеп келатат. Анын айтымында, химцехти куруу долбоордо каралгандыгына карабай жогорку жетекчиликтер тарабынан каражатты максималдуу үнөмдөө аракеттеринен улам ал жак эски бойдон калып калган. ТВЕА жаңылаган бөлүктү да эски химцехке туташтырып коюшкандыктан, ЖЭБдин эски бөлүгүндө суу тартыштыгы пайда болгон. Бул боюнча ЖЭБ жетекчилиги “Электр станциялары”, “Энергохолдинг” ААКларына кайра-кайра каттар менен кайрылышканы менен өйдө жак көңүл бурган эмес. Акыры келип так ошол химцехтеги суу тартыштыгы казандардагы тийиштүү көлөмдү камсыз кыла албай калгандыктан, куурлар жарылып кирген. Улуттук энергохолдингдин маалыматтары боюнча башында жаңы химцехти куруу каралган болчу, бирок ТВЕА эски цех ЖЭБдин эки бөлүгүнө тең жетишет деген себеп менен ал пунктту алып салган. Компания менен сүйлөшүүлөрдөн кийин кытай тарап жаңы химцех куруп берүүгө макул болуп, жарак-жабдыктарын алып келишти. Цехтин суммасы 6 млн долларга чамалап, аны ТВЕА өз эсебинен куруп берээри айтылууда.

Аварияга ТВЕА компаниясынын оңдоо ишерин сапатсыз жүргүзгөнү себеп болгон деп күнөөлөнүп жаткандыктан алар өткөн аптада атайын билдирүү таратты:

— Айрым адамдардын ТЭЦтеги аварияны жаңы блокко байланыштырып жатканы такыр түшүнүксүз. Так ушул жаңы блоктун кызматкерлери башкалар менен чогуу шаар жылуулук системасын миллиарддаган чыгымдардан сактап калышты. Ошондой эле компания Кыргызстан менен Кытайдын достук мамилеси үчүн кошумча иштерди дагы аткарып жатты, – деп жазылган билдирүүдө.

Нурлан Өмүркул уулу аварияда ЖЭБ кызматкерлеринин, алардын ичинде анын өзүнүн күнөөсү минималдуу гана экенин айтат. Анткени, модернизация иштерин алар жасашкан эмес жана химцехтеги татаалдашып бараткан кырдаал менен цехти тез арада жаңылоо зарылчылыгын жогорку жетекчиликтерге тынымсыз эскертип келишкен. Экс-жетекчинин айтымында, бардык жоопкерчилик “Улуттук энергохолдинг” менен “Электр станциялары” мекемелеринин жетекчилеринде жатат. Аны Айбек Калиев менен Узак Кыдырбаевдин командасындагы адамдар өкмөттүк комиссияга жолотпой жатышканын белгилейт.

Жогорку Кеңештин 2-февралдагы жыйынында аварияга жоопкер катары Улуттук энергохолдингдин башкы директору Айбек Калиевди да жумуштан кетирүү талабы коюлган болчу. Бирок премьер-министр Сапар Исаков “ал аракет кылып жатат жана жумушка күйүп-бышууда” деген себептер менен калкалап калган.

Авария боюнча Башкы прокуратура Кылмыш кодексинин “Шалаакылык” беренеси боюнча иш козгоп, ага удаа УКМК окуянын чоо-жайын иликтеп баштаган. 3-мартта “Электр станциялары” ААКнын жетекчи орун басары Бердибек Боркоев кармалды. Ага УКМК өтө ири суммадагы каражатты уурдоо жана мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча айыптар тагылууда.

Нурлан Өмүркул уулунун билдиришинче, депутаттык комиссия түзүлгөндөн кийин «Электр станциялары» ААКнын жетекчиси Узак Кыдырбаев “алар модернизациялоонун документтерин сурашат, ошондуктан ал жакты иретке келтириш керек” деген оозеки тапшырмасын берген. Ага ылайык «Электр станциялары» ААК менен ЖЭБдин өкүлдөрү долбоордун документтерин жабык эшик артында түн оокумга чейин (айрымдары таң атканга чейин) карап, керектүү жерлерин оңдоп-түзөп чыгышкан. Нурлан Өмүркул уулун катыштырышкан эмес. Ал жумуштан бошогондон кийин модернизациялоонун алкагында алынган жабдыктарды ЖЭБдин балансына өткөрүп берүү-кабыл алуу боюнча өткөн жылдын декабрь айына ылайыктап даярдалган актыны алып келишип, кол коюп берүүнү суранышкан. Экс-директор баш тарткан.

Нурлан Өмүркул уулу ЖЭБди 2017-жылдын 23-январынан 2018-жылдын 2-февралына чейин башкарган. Авариянын күнөөкөрлөрүн издеген өкмөт “Электр станциялары” ААКнын жетекчи орун басары менен ЖЭБдин директорун кызматтан алууну тапшырган. Натыйжада ЖЭБ директорун кызматтан четтетишти, бирок Нурлан Өмүркул уулу өзүн жумуштан бошотуу жөнүндө буйрукту бүгүнкү күнгө чейин көрө электигин билдирет. Ал эми аны учурда жумуш ордуна жолотпой, өкмөттүк комиссиянын иликтөөлөрүнө катыштырбай жатышканын айткан Нурлан Өмүркул уулу бул жерде жаап-жашыра турган иштер көп экенин белгилейт. Жөн калбай, айтылбас сырларды арты-артынан жарыялап киргендиктен ага карата коркутуп-үркүтүүлөрдүн болуп жатканы айтылууда. Өзүнүн билдиришинче, “кылмыш ишин козготтуруп, каматып жиберебиз” деген опузалоолор жогорку жетекчиликтери (“Электр станциялары”, Улуттук энергохолдинг) тарабынан болуп жатат.

Кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет

ЖЭБди реконструкциялоо демилгеси тээ Бакиевдин башкаруусунан бери көтөрүлүп келатканы маалым. Бирок, аны ишке ашыруу мүмкүнүчүлүгү 2013-жылы гана колго тйген. Расмий маалыматтар боюнча, экс-президент Алмазбек Атамбаев менен анын ошол кездеги тышкы иштерди тейлеген ишенимдүү адамы, кийинки премьер-министр Сапар Исаковдун аракеттери менен Кытайдан 386 млн доллар насыя алынган. Эки пайыз үстөгү менен 30 жылга алынган насыяны Кытайдын Эксимбанкы берип, бирок каражатты иштетүү үчүн кытайлык ТВЕА компаниясын жалдайсыңар деген талабын койгон. Бул шарттар кыргыз бийлиги тарабынан кыйшаюусуз аткарылып, модернизациялоонун техникалык-экономикалык негиздемеси, эсеп-чоту жок эле жана тендерсиз түз тандоо жолу менен ТВЕА Кыргызстанга келип ЖЭБди оңдоп-түзөп кирген. Насыяны болсо кыргыз өкмөтү 30 жыл ичинде үстөгүн кошкондо 500 млн доллар кылып кайтарып бериши керек.

Кубатбек АЙБАШОВ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты