Сооронбай Жээнбеков: “Аймактык кызматташууну жаңылап түзүү милдети турат”

Сооронбай Жээнбеков: “Аймактык кызматташууну жаңылап түзүү милдети турат”

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков  Астана шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын биринчи консультативдик жолугушуусунда сүйлөп, аймактык кызматташтыкты жаңылап түзүү милдети турганын белгиледи.  

“Бүгүн биздин алдыбызда өлкөлөрүбүздүн элдеринин бакубатчылыгы үчүн аймактык кызматташууну жаңылап түзүү милдети турат. Муну Борбордук Азия өлкөлөрүнүн азыркы муунунун кызыкчылыгы үчүн гана эмес, келечек муун үчүн да жасашыбыз керек.

Өзбекстан Президенти Шавкат Миромоновичтин Борбор Азия өлкө башчыларынын жолугушууларын үзбөй өткөрүү тууралуу демилгесин колдодум. Мамлекет башчыларынын жолугушуулары Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз ара интеграциясына гана кызмат кылбастан, дүйнөдө биздин аймактын ролун жана ордун жогорулатууга дагы өбөлгө түзөт деп эсептейм”, — деп белгиледи С. Жээнбеков.

Президент эгерде өлкөлөр бардыгы бир позицияда болсо, регионлогу ар бир өлкөнүн мааниси улам өсөөрүнө ишенимин билдирди. ”Региондун өлкөлөрүнүн стратегиялык кызыкчылыктары дал келет, элдер достук жана жакшы коңшу шарттарында биргелешип өнүгүүгө тийиш. Мындан дагы тыгыз маданий, экономикалык байланыштар ар бир өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө болот” деди КР Президенти.

Жээнбеков тарыхый жактан Борбордук Азия диний сабырдуулуктун, улуттар аралык толеранттуулук аймагы болгондугун баса белгиледи.

“Биз терроризм менен экстремизмге, ошондой эле башка коркунучтарга жана чакырыктарга каршы турушубуз зарыл. Кыргызстан коопсуздуктун бирдиктүү мейкиндигин калыптандырып, аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту сактап туруу боюнча биргелешкен аракет көрүүнү колдойт” деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Соода-экономикалык кызматташуу чөйрөсүндө аймактын мүмкүнчүлүктөрүн кенен пайдалануу абдан маанилүү экендигин баса белгиледи.
“Соодадагы тоскоолдуктарды жана бюрократиялны кыскартуу аркылуу өлкөлөр ортосунда товарлар жана кызматтардын эркин жүрүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүүгө милдеттүүбүз. Эркин транзиттик коридор түзүү, жүргүнчүлөрдү, жүк ташууларды жана өлкөлөрүбүздүн аймагында уруксатсыз негизде транзитти ишке ашыруу максатка ылайык”, -деп айтты Сооронбай Жээнбеков.
Анын пикири боюнча эл аралык автомобиль жана темир жолдорун, логистикалык борборлорду жана транспорттук терминалдарды кеңейтүү артыкчылыктуу мааниге ээ. Ошону менен бирге эл аралык транзиттик ташууларды үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн жалпы инфраструктураны жакшыртуунун мааниси чоң.
“Суу-энергетикалык кызматташуу чоң мааниге ээ. Энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу жалпы аймакты туруктуу өнүктүрүү үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Өлкөлөрүбүз суутек ресурстарын жана гидроэнергетикалык кеңири мүмкүнчүлүктөрдү камтыган олуттуу энергетикалык мүмкүнчүлүктөргө ээ. Ошондуктан биз суу-энергетикалык чөйрөдө өз ара пайдалуу узак мөөнөттүү кызматташууну жөнгө салууну колдойбуз”деп белгиледи Кыргызстандын Президенти.
Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан быйыл бир катар маданий-спорттук иш чараларды өткөүүнү, тактап айтканда үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин өткөрө турганын айтып, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мартабалуу меймандарын аталган бул иш- чараларга чакырды.
“Бүгүнкү жолугушуу күн тартибинин бардык маселелери боюнча өз ара үзүрлүү кызматташууга дем берет деп ишенем” деди сөзүн жыйынтыктап Жээнбеков.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты