Өмүрбек БАБАНОВ жебеген самсы, байлык, биринчи миллион, күрөш тууралуу

“Республика – Ата-Журт фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов жыйын өткөрүп, журналисттердин суроосуна жооп берди.

Өмүрбек БАБАНОВ жебеген самсы,  байлык, биринчи миллион, күрөш тууралууЖебеген самсы тууралуу
—Президенттик шайлоо жакындап келе жатат. Кээ бир “койнунда котур ташы бар” саясатчылар жалаа жаап жатышат. Ошондуктан сиздер менен ачык-айкын сүйлөшүүнү чечтим. Өзүңүздөр билгендей, бүгүнкү күндө Кыргызстанда сөз эркиндиги Кудайга шүгүр да. Бирок азыр кара пиар көп болуп жатат. Менин жаап- жашыра турган ишим жок. Акыркы убакта “Жерүй” кени боюнча, Бишкекте курулуп аткан “Азия мол” алыш-бериш маркети боюнча сөздөр айтылып жатат. Мага тийиштүү мүлк Бабановдун үй-бүлөсүнө таандык. Атабыз башынан эле бардык балдарын ак эмгекке, мээнет менен өзүбүздүн атыбызды чыгарууга үйрөттү. Мындан улам Бабановдун үй-бүлө мүчөлөрү, жакын туугандарыбыз бизнес менен алектенишет. Эч кимиси, анын ичинде мен дагы, бир да мамлекеттик менчикти жеке менчикке өткөрүп алган эмеспиз.

Мен өзүм жогорку окуу жайды бүтөрүм менен Казакстанда бизнес жасап, “Альянс” ишканасын түзгөнүмдү жакшы билесиздер. Бул ишкана бүгүнкү күндө 100 млн долларга сатылган жападан жалгыз жеке менчик ишканасы болду. Биз рынокко “Газпромду” алып келдик. Бул жумуштун легалдуулугуна чекит коюлган. Экинчи объекти -“Жерүй” кени. Бул кен 300 сомго сатылганын билесиңер, бул менин кичи мекеним, көп митингдер болгонун дагы билесиңер. Атамбаев Премьер-министр болгон кезде дагы митингге барган. Кийин Үсөнов, Шерниязовдор барды.  Кийин тендер жарыяланган учурда мен эч кандай кызматта эмес болчумун, катардагы эле жаран болчумун. Менин кичи мекенимде болгондон кийин, мен “Альянс” ишканасынын ээлерин ушул кенге акча салууга макул кылдым. Алар ачык аукционго катышышты. 100 млн долларга сатып алды. 100 млн доллар Кыргызстанга келип түштү. Бул жерде эмнеси туура эмес?
Казактын “Визор” деген компаниясы биздин мамлекетти 585 млн долларга эл аралык сотко берип, биринчи инстанциядан утуп алган. Экинчи кадам биздин Кумтөрдөгү акцияларыбыз камакка алынмак. Бул компания мына ошол казактар менен дагы сүйлөшүп, соттун маселесин дагы чечишти. Андан сырткары башка долбоорлоруна дагы кошулуп 190 млн доллар сарптаптыр. Кайсы инвестор бизге келип, ушунча акча салып атат? Кумтөрдү канча сомго бердик эле? Бекер берилбеди беле? Кыргызстанга ушундай чоң инвесторду алып келүү — бул менин чоң салымым деп ойлойм.
60%ы Муса Бажаевдики, 40%ы Алид Ибраимовго таандык деп жатат. Ошол Мусанын үлүшүнүн ичинде 20%ын меники деп жатышат. Биринчиден, ал мага эмне себептен 20%ын бериши керек. Экинчиден, мен ал убакта эч жакта иштебесем ачык эле өзүмдүн атыма каттатып албаймынбы? Ушундай маалымат келгенде тактап жазгыла да. Силерди деле эртең кимдир бирөө “голубой” деп жазып атса, элдин баары ишенип алат да? Кыргызда жакшы сөз бар го “Жебеген самсыга акча төлөймүнбү?” деген.
Биз инвестиция тартып келе жатсак, 200 млн долларга алтын иштетүүчү фабрика курам деп атса, алардан түшкөн акчага Өкмөт 100 мектеп куруп атат экен.

Бабановдордун байлыгы
— Мен өкмөт башчы болуп турганда, атам менен бир туугандын уулу иним өз күчү менен салык кызматында иштеп жаткан. Ошондо ага “Кызматтан кетишиң керек” деп айткам. Азыр бир тууганымдын эч кимиси мамлекеттик кызматта иштебейт. Мага тийиштүү мүлк Бабановдордун үй-бүлөсүнө таандык. Менин жубайымдын бизнеси бар. Башка бир туугандарымдын да бизнестери бар. Менин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүм, акчам бар. Жылкыларым да бар, баарыңар билесиңер. Менин мүлктөрүмдүн наркын так айта албайм. Экономикалык кырдаалга жараша болот. Бабановдун үй-бүлөсү жетиштүү камсыздалган десем болот.

“Айдары, Максими жок бизнес кыла аларымды далилдедим”
— “Бабанов өзүнүн өлкөсүнө эмес, Орусияга инвестиция салып жатат” деп айтып жатышат. Эмне үчүн Орусияда цемент завод курулду? Ал жерде бир канча инвестор бар. Мага тиешелүү компания инвесторлордун бири гана. 2005-жылы, Бакиевдин тушунда, «Кыргыз пахта» заводун басып алып, бизди киргизбей, аягы асфальттын алдында жаткан кабелдерди чыгарып кетишкен. Ошентип биздин мүлкүбүздү тартып алып жатса, кантип инвестиция салабыз? Экинчиден, Орусияга барганда биздин жарандарыбыз дайыма кара жумушта иштеп жүрүшөт. Ал эми башка мамлекеттердеги жарандарыбыз банк системасында иштешет. Мен да биздин да колубуздан келет деген чечим кабыл алып, таза жерге мамлекеттик банк, башка инвесторлор менен сүйлөшүп, завод курдук. Биздин жарандарыбыз завод куруп атса, биз сүйүнүшүбүз керек. Бабанов Айдар, Максим менен чогуу бизнес кылган деп айтып жүрүшөт. Мына мен Орусияда дагы ушинтип завод кура аларымды далилдеп бердим. Бул адамдын мүмкүнчүлүгү да.

“Кыргызстанга деле акча салдым”
— “Альянсты” саткандан кийин “АКБ Кыргызстан” банкын ачык эле 25 млн долларга сатып алганбыз. Жыйырма миңден ашык ишкана банктан акча алып, жумуш кылып атат. Бул жумуш орун эмеспи? Экинчиси, акыркы убакта “Азия мол” соода борбору боюнча да сөздөр айтылып атат. Мен өзүм саясатта жүргөндүктөн, бизнеске аралаша албайм. Бирок менин тууганым акылдашууга келип, “Кыргыз-Орус фондуна кайрылсак болобу” дешти, “Албетте, кайрылгыла! Эмнеге кайрылсаңар болбосун” дедим. Ошондой эле алыш-бериш маркетин жана башкаларды деле каржылаган. Жыйырма беш млн доллар каражатты бизге тиешелүү компания жумшаган. Бул бир. Экинчиси, 37 млн долларга завод салып берди. Үчүнчүсү, ошол шарттан өзгөрүүсүз 17 млн долларлык кредит алды. Ошонун негизинде 55  миң  квадрат алыш-бериш маркети курулуп атат. 2016-жылы Бишкекте расмий түрдө 158 миң көп кабаттуу үй ишке киргизилиптир. Анын 37 пайызын биздин курулуш тармагындагы маркет салымын салып атса, бул жакшы көрүнүш да. Бүгүнкү күндө 50 миллион сом салык төлөнүптүр. Буюрса, 31-августта ачылса, 30 ири ишкананы чет өлкөдөн алып келиптир, алар дагы инвестиция кылып жатат да. Жалпы эсеп менен бир жылда 200 миллион сомго чейин салык төлөйт экен. Бул инвестиция эмеспи? Бекитип, уяла турган жер жок бул жерде.

Биринчи миллион
—Мен 1987-жылы Москвага окууга тапшырып, 1993-жылы окууну аяктагам. Биз окууну аяктаганча биздин кесибибиз эч кимге кереги жок болуп калган. Ошондон улам студенттик кезден тарта бизнес чөйрөсүндө иштей баштаганбыз. Биринчи миллионду Казакстанда, мунай тармагында иштеп тапкам. Ал учурда мен 27-28 жашта элем. 1998-жылы декабрда Бишкекке келдим, 1999-жылы каражатым бар болчу, унаага май куюучу жайларды кура баштаганбыз. Ошондо Альянс компаниясынын айлантуудагы акчасы 150 миллион доллар болгон. Ал мезгилде мен 36 жашта элем.

Акыркы кезде фитнес менен алектенүүдөмүн
—Хоббим жылкы эле эмес, китеп окуганды да жактырам. Мурда саясий китептерди окусам, азыркы учурда экономика жаатындагы китептерди окуп жатам. Акыркы мезгилде спорт менен, тагыраагы, фитнес менен алектенүүдөмүн.

 Эртең эмне болорун эч ким айта албайт
—2015-жылы парламентке 28 мандат менен өтүп келгенде биздин фракцияга бир да комитет бербей коюшканын айтып чыкканбыз. Ошондо айрым кичи фракциялардын депутаттары «Биз сүйлөшүп алдык» деп коюшкан. Бүгүн чындыкты издеп жүргөн партияларга ушуну айтар элем. Азыр биз иштеп атабыз. Ошол эле Өмүрбек Чиркешовичтин маселесин комитетте көтөрүп чыктык. Себеби эртең эмне болорун эч ким айта албайт. Белиз окуясы сыяктуу мага деле сөздөр айтылып калышы мүмкүн. Мындай каралоолорду токтотуш керек. Бирөөнүн башындагы чөптү көрсөк, өзүбүздүн башыбыздагы төөнү да көрүшүбүз керек да. Мен шайлоого чыкканда бир да оппонентимди каралаган эмесмин.

Өмүрбек Текебаевдин камалышы өкүнүчтүү
—Ар бир нерсени сот чечиши керек, ар кандай сөздөр айтылды, ар кандай документтер көрсөтүлдү. Менде бул иш боюнча бир дагы документ жок. Бул окуя боюнча коркпой эле айтып жатабыз. Белиз боюнча пикиримди айткам. УКМКнын төрагасына жоопкерчилик жүктөлөрүн эскерткем. Өмүрбек Текебаевдин камакта отурушу өкүнүчтүү. Кыргыз саясатында орду бар киши. Калганын сот далилдесин. Менимче, бир аз убакыт калды го дейм, баары аягына чыгат.

 Бирөөнү каралап, бирөөнү жалаага жыгып утам деген жаңылыштык
— Президенттикке талапкер болом дегендерге айтар элем. Элибиз башынан эки революцияны өткөрдү, ак менен караны айырмалап калды. Бирөөнү каралап, бирөөнү жалаага жыгып утам деген жаңылыштык. Элибиз кимдин ким экенин билип турат. 19-ноябрда алданбайт деп ишенем. Шайлоонун эртеси да болот. Жоопкерчиликти сезе билиш керек. Аттанып жаткандардын баарын эле каралай берсек, анда ким калат.

Күрөш тууралуу
—Президенттик шайлоого аттангандан кийин жеңишке жеткиче күрөшөбүз. Мен президенттик шайлоодо кайсы жолду тандайм, убагы келгенде көрөсүңөр, боло элек ишти айтпай турайын. Оң жол мененби, сол жол мененби, борбордук жол менен кетемби, убакыт келгенде көрөсүңөр. Элибиз колдоп бере турган болсо, күрөшкө чыксам, күрөштүн тартибин жакшы түшүнөм. Атаандаштыкты колдойм. Партиябыз дайыма конкреттүү программа менен чыгып келген. Бул ирет да шайлоого карата конкреттүү программа менен чыгам.

Кымбат ТУРДУБЕКОВА

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты