Коңшулар ынтымакташып турса кандай жакшы!

Коңшулар ынтымакташып турса кандай жакшы!КР Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-мартта, Астанада өтүп жаткан Борбор Азия мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушканын КР президентинин басма сөз кызматы кабарлады. 
Нурсултан Назарбаев соңку жолугушуудан кийин эки тараптуу бардык маселелер чечилгендигин, Жол картасы иштеп жаткандыгын белгиледи.
“Биз мындан ары дагы бардыгы жакшы болот деп ишенебиз. Сиз Тажикстандын жана Өзбекстандын Президенттери менен жолугуштуңуз, мунун баары элдердин бакубатчылыгы үчүн жасалып жатат. Бүгүн беш өлкөнүн башчылары жолугушат, аларда экономика, соода, инфраструктура жана логистика маселелерин талкуулаганга мүмкүнчүлүк болот” деди Нурсултан Назарбаев.
Сооронбай Жээнбеков эки өлкөнүн алдында турган жалпы маселелер күч-аракетти бириктирүүгө, ошондой эле жарандардын, капиталдын, инвестициянын жана эмгек ресурстарынын эркин жылып жүрүшүнө ыңгайлуу шарт түзүүнү талап кылып жаткандыгын белгиледи.
“Борбор Азия мамлекет башчыларынын Астанадагы бүгүнкү жолугушуусу чындыгында эле тарыхый окуя, бул жолугушуу аймактагы өлкөлөр ортосунда өз ара мамилелерди бекемдөөдө олуттуу милдет өтөп, жакынкы аралыкка кызматташуунун негизги багыттарын аныктайт деп терең ишенем. Өз кезегинде мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга жана өлкөлөрүбүздүн ортосунда өз ара ишенимдүү диалогду бекемдөөгө чечкиндүүлүгүмдү ырастайм. Учурда күн тартибинде турган маселелер мамлекеттерибиздин кызыкчылыктары жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн чечилет деп ишенем” Сооронбай Жээнбеков.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты