Мигранттар маселесиндеги жаңы мыйзам

Мигранттар маселесиндеги жаңы мыйзам

Кыргызстандын Миграция кызматынын басма сөз катчысы Кубан Бектемиров маалымдагандай, 14-мартта КР Президенти миграция саясатын жакшырта турган мыйзамга кол койду.

Мамлекет башчы кол койгон “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү тууралуу” бул мыйзам 2018-жылдын 24- мартынан тартып күчүнө кирет. Мыйзам улуттук эмгек күчүн чет өлкөлүк адис эмес эмгек күчүнөн коргоого жана Кыргызстан жарандарынын өз өлкөсүндө жумуш менен камсыз болушуна салым кошмокчу.

Азыркы иштеп жаткан мыйзамдарга бир жылдык жумушка квота боюнча уруксат алган чет өлкөлүк кызматкерлердин санын 20 % га чектөөгө, эгер андан ашып кетсе, мамлекетке пошлина төлөө жагы каралып жатат.
Ошол эле учурда адистиги жогоруларга, анын ичинде инвесторлорго, квотасыз, жеңилдетилген тартипте үч жылга чейин эмгек миграциясына уруксат берүү жагы каралууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты