Нурлан Өмүркул уулу, Бишкек ЖЭБ экс-директору: “ЖЭБдеги авариянын негизги себеби—модернизациялоого барып такалат”  

Нурлан Өмүркул уулу, Бишкек ЖЭБ экс-директору: “ЖЭБдеги авариянын негизги себеби—модернизациялоого барып такалат”  

Бүгүн,  15-марттагы “Спутник kg” агенттигиндеги пресс-конференцияда Бишкек Жылуулук электр борборунун мурунку директору Нурлан Өмүркул уулу авариянын негизги себеби эмнеде экенин, аны кантип жумуштан алышканын, эмне себептен жылытуучу челектерди пайдаланышканын, эмне себептен долбоор боюнча алынган аспаптардын баасы көтөрмөлөп жазылганын ж.б. айтып, журналисттердин суроолоруна жооп берди.
—Келишим түзүлгөндөн кийин атайын топ уюшулуп, биз ага баш ийдик. Адегенде май айында кабыл алабыз деген, бирок документтер даяр болбогондуктан, мөөнөтүн улам узартып жатышты.
Биз химиялык тазалоосуз, тузсуздандырылган суусуз блок иштебейт деп айтып жаттык. Бул бардык кеңешмелердин протоколдорунда жазылган, — деп айтты Нурлан Өмүркул уулу.
—Мен жаңы блокту иштетүү үчүн химиялык тазалоочу, тузсуздандырылган блокту куруш керек деп бир нече ирет кат жазгам. Ал каттардын баары “Электр станциялары” ААК башкы директоруна жиберилген.
Экс-директор ЖЭБди модернизациялоонун баасын 386 млн доллардан арзан кылса болмоктугун айтты.
—ЖЭБди модернизациялоого 250 млн долларга жакын жумшалды. Ошондуктан каралган сумманы чыгарыш үчүн аспаптардын баасы жогорулатылып коюлган, — деди.
Ал кытай кредитине сатып алынган аспаптардын баасы ырас эле абдан жогорулатылып коюлганын бышыктады, мисалы, кемпир ооздун (плоскогубцы) экөө 640 доллар, байкоо камерасынын бирөө 14, 5 миң долларга чыккан.
Модернизациялоо тууралуу жаман айтпаш керек дешкен

Жетекчилик тараптан модернизациялоо тууралуу жаман айтпаш керек деген оозеки буйрук болгон.

—Жетекчиликтинмодернизацияга көлөкө түшүрбөгүлө деген командасы болгон. Ким айтканын айта албайм, себеби ал жазуу түрүндө эмес болчу.
Модернизациялоонун баасынын жогорулатылып коюлганы мурда эле белгилүү эле. Эсеп палатасы муну 2015-жылы аудит жасаганда айткан. Күбөлөр да бар болчу, билбейм, алар эми бул сөзүн тастыктап беришеби.

Авариянын негизги себеби…
—Авариянын негизги себеби—химиялык цехтин курулбай калганында. Башында насосту күнөөлөп чыгышты. Мен ошондо авария химцехтин курулбаганынан болду деп ачык айтып чыктым. Андан бир күн өтпөй эле мени жумуштан бошотушту. Химиялык цех курулбай, анын кубаттуулугу жетпей калган. Башында техникалык тапшырма боюнча химцех курулмак. Азыр муну мойнуна алып калышты. Ал эми мурда насоско жана мында иштегендерге шылтап жатышкан, — деди ЖЭБдин мурунку директору Нурлан Өмүркул уулу.
ЖЭБдин жаңы жетекчиси Андрей Воропаев кырсыктын чыгышына адам фактору себепчи болгонун “Азаттык” радиосуна билдирди:
—Бул жерде авария көбүнчө адам факторунан болду. Башкача айтканда жабдуу өз учурунда кошулган эмес. Мындай чечимди станциянын кезмет бөлүмү менен химиялык цехтин башчылары кабыл алышы керек болчу. Башкы инженер да жоопкерчиликтүү. Бирок ал ошол учурда көйгөйдү жөнгө салыш үчүн мүмкүнчүлүгүнө жараша иш алып барган. Андан сырткары бизде станциянын иштеши үчүн жооп берген инженердин орун басары бар. Ошондой эле башка да инженердин эки орун басары (бир мен болчумун) жабдууну оңдоого жооп бергенбиз. Жабдуунун ремонту боюнча бизге доомат болгон жок” деди ЖЭБдин азыркы директору.
Ал эми 15-марттагы пресс-конференцияда сөзүн улантып, ЖЭБдин мурунку директору финансылык маселенин баарын “Электр станциялары” ААК тейлегенин айтты.
—Биз ЖЭБде техникалык маселелер менен алектендик, финансылык жагын “Электр станциялары” ААК тейледи. “Электр станциялары” ААКтын катына ылайык, биз тендер компаниялары менен келишим түзүшүбүз керек болчу”
“Август айында модернизациялоону мөөнөтүндө бүтүрө албай турганыбыз белгилүү болуп, маселе көтөрө баштадык. Россиялык компания субподрядчикти—“АйМар Энерджи” ЖЧК тапкан.
Өмүркул уулу социалдык түйүндөргө сүрөттөрү тарап кеткен челектер эмне үчүн колдонулган себебин да айта кетти.
—Авария учурунда биз жылытуучу челектерди пайдаландык, аны биз мангал деп атайбыз. Авария учурунда коюу түтүн тарады, башка учурда түтүн андай болбойт. Мангал башка жылытуучу системалардан жакшы ыкма. Мындай мангал 30 метр радиусту ысыта алат.
Айрым фактыларды далилдөөгө болот
Өмүркул уулу Нурландын айтуусунда, техникалык состав жана башчылар 20 миң сомдон айлык акы алышат.
—Менин айлыгым 30 миң сом болчу, техникалык директордуку андан 1, 5 миң сомго аз, — деди ал.
ЖЭБдин мурунку директору анда коррупциянын так далили жок, ошондуктан кимдир-бирөөгө күнөө кое албасын кошумчалай кетти. Бирок кытай тарап ага маалымат бергендигин жана айрым фактыларды далилдесе болоорун билдирди.
Эскерте кетсек, 6-январдагы ЖЭБдеги авариядан кийин анын директору Нурлан Өмүркул уулу кызматынан алынган болчу.

Айжан Айтышева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты