Башкы прокуратура: Мамкаттоо кызматкерлери мыйзамсыз машина алып келүүгө аралашкан

Башкы прокуратура: Мамкаттоо кызматкерлери мыйзамсыз машина алып келүүгө аралашкан15-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлагандай, Кыргызстанга мыйзамсыз машина ташып келүүгө табакташ болгон мамлекеттик каттоо кызматынын Транспортту жана айдоочуларды каттоо департаментинин кызматкерлери мамлекетке 2 млн 285 миң сом зыян алып келген.
Башкы прокуратура Кылмыш кодексинин 304 (кызмат абалынан кыянат пайдалануу), 204 (контрабанда), 210 (бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу) беренелери менен машина ташып келгендерге карата кылмыш ишин козгоду.
2017-жылы мамлекеттик Каттоо кызматынын транспортту жана айдоочуларды каттоо Департаментинин кызмат ээлери белгисиз адамдар менен сүйлөшүп алып, документтерди жасап, эки Lexus GX 470 машинасын мыйзамсыз каттагандыгы аныкталган.
Интерполдун Кыргызстандагы бюросу бул жеңил машиналар Кыргызстанга Грузиядан алынып келингенин жана бажы төлөмдөрүн төлөбөгөндүгүн аныкташкан.
Мындай мыйзамсыз иштердин натыйжасында аталган Департамент кызматкерлери мамлекетке 2 млн 285 миң сом зыян келтирген.
Бул кылмыш иши тиешелүү органдарга иликтөөгө жиберилген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты