Башкы прокуратура: Бажы аткаминерлерине кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура: Бажы аткаминерлерине кылмыш иши козголду15-мартта Башкы прокуратура маалымдагандай, алар бажы жана салык төлөмдөрүн төлөбөгөн кылмыштардын бетин ачты.
Мурда ЖМКда маалымдалгандай, 13-мартта Башкы прокуратура Бажы кызматынын айрым кызмат ээлерине Кылмыш кодексинин 204 (контрабанда), 304 (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 315 (документти оңдоп коюу) беренелери менен кылмыш иши козголгон.
2017-жылы Автоматташтырылган бирдиктүү маалыматтык системасында “Ош” бажы кызматкерлери тарабынан транзиттик декларация толтурулган, анын максаты эл аралык жол жүк ташууну соңуна чыгаруу эле. Товарлардын иш жүзүндөгү баасы 49 миң АКШ доллары болгон. Ал жактагы кызматкерлердин мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 686 миң сом зыян келтирилген.
Бул кылмыш иши тиешелүү органга иликтөөгө жиберилди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты