Сооронбай Жээнбеков Борбор Азия башчыларынын Казакстандагы жолугушуусуна барды

Сооронбай Жээнбеков Борбор Азия башчыларынын Казакстандагы жолугушуусуна барды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-мартта, Борбор Азия мамлекет башчыларынын биринчи консультациялык жолугушуусуна катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына барды.

Астана шаарынын эл аралык аэропортунда Сооронбай Жээнбековду  Казакстандын вице-премьер-министри Аскар Жумагалиев тосуп алды.

Сооронбай Жээнбеков Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультациялык жолугушуусуна катышуунун алкагында Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушат. Эки мамлекеттин башчылары  кыргыз-казак мамилелеринин учур чак маселелерин талкуулайт.

Жолугушууга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын Президенттери катышат, анын жыйынтыгы менен мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу болжолдонууда.

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты