Бишкек—Ош жолунун кар көчкү түшкөн тилкелерин тазалоо иштери уланууда

Бишкек—Ош жолунун кар көчкү түшкөн тилкелерин тазалоо иштери уланууда

Ош унаа жолунун кар көчкү түшкөн тилкелерин тазалоо иштеринин жыйынтыгында 60 миң куб метр кар тазаланды. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, унаа жолдун 246-чакырымына түшкөн кар көчкүнүн түндүк тарабынан 40000м3, түштүк тарабынан 20000м3 кар тазаланды. Учурда «Сосновка» постунда 105 оор жүк ташуучу, 11 жеңил унаа, «Арал» постунда 16 оор жүк ташуучу, 35 жеңил унаа, Талас районунун Талды-Булак айылында 11 оор жүк ташуучу, 11 жеңил унаа токтоп турат.

Ошондой эле, Бишкек – Ош унаа жолунун 198-чакырымында (Өтмөк ашуусуна бурулган жер) 100 оор жүк ташуучу унаа турат. Унаа жолду тазалоо иштери бүгүн улантылып жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты