Өкмөт “Акылдуу шаар” боюнча «Huawei Technologies» компаниясы менен келишимден чыкты!

Өкмөт “Акылдуу шаар” боюнча "Huawei Technologies" компаниясы менен келишимден чыкты!

Кыргыз Өкмөтү «Акылдуу шаар» инвестициялык долбоору боюнча милдеттенмелердин аткарылбагандыгына байланыштуу келишимден чыгууну чечти.
Өкмөттүн ЖМК менен иштөө бөлүмү кабарлагандай, мындай чечим милдеттенмелердин аткарылбагандыгы келишим тарабынан аныкталган мөөнөттөрдүн сакталбагандыгына: долбоорду ишке ашыруу боюнча техника-экономикалык негиздеменин сапатсыз даярдалып сунушталышына байланыштуу эсептелет.
ТЭН даярдоо процессинде инвесторлор Консорциуму тарабынан КР Өкмөтүнүн функционалдык жана техникалык талаптарынын кеңири чөйрөсү боюнча шарттары сакталган эмес.
Тараптар бир катар техникалык маселелер боюнча, атап айтканда, долбоордун мындан ары өнүгүүсүн чектеген маселелер боюнча макулдашууга келген эмес. Азыркы тапта, долбоордун өлкө үчүн артыкчылыгын эске алуу менен КР Өкмөтү «Акылдуу шаар» долбоорун эл аралык долбоорлор жана бизнес сектордун колдоосунда өз күчү менен ишке ашырууну чечти.
«Биз инвесторлордун ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну көздөгөнбүз, бирок тең-инвесторлор долбоорду ишке ашырууну создуктуруп, ал эми жарандардын жолдордогу коопсуздугун камсыздоо абалы татаал бойдон кала бергендигине байланыштуу бул долбоорду өз күчүбүз менен ишке ашырууну чечтик», – деди Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин директору Эсенкул Момункулов.
Келишим күчүнө кире электигине байланыштуу, инвестициялык келишимдин аракетин жокко чыгарууда КР Өкмөтү кандайдыр бир юридикалык жана экономикалык кесепеттерге кириптер болбойт.
Эскерте кетсек, өкмөт «Акылдуу шаар» деп аталган 60 млн доллар келген инвестициялык долбоор боюнча кытайлык «Huawei Technologies» компаниясы менен эки ай мурда келишимге кол койгон. Анын негизинде Бишкек жана Ош шаарларына жана үч чоң жолго: Бишкек-Ош, Бишкек-Чолпон-Ата, ошондой эле “Манас” аэропорту тарапка кеткен жолго байкоо камерасы орнотулмак.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты