Жамшитбек Калилов: Быйыл бүтөт деген Көк-Арттагы өтмөк 30 % гана бүткөн

Жамшитбек Калилов: Быйыл бүтөт деген Көк-Арттагы өтмөк 30 % гана бүткөн

Бүгүнкү күндө 2018-жылы бүтөт деген Көк-Арттагы тоннель 30%га гана бүткөн.

Жогорку Кеңештеги 13-марттагы Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Көк-Арт ашуусундагы өтмөк 30% пайыз гана бүткөнүн билдирди.

Мурда “Бир бол” фракциясынын ЖК депутаты Кубанычбек Жумалиев Көк-Арт өтмөгүнүн курулушу башында канча турган, кийин канчага кымбаттаганына кызыккан болчу.

Жамшитбек Калиловдун айтымында, өтмөктүн баасы кымбаттаган эмес, баасы өзгөргөн эмес.

Министрдин айтымында,  подрядчы бул жылы жаңы технологияны колдонуп, анын курулушу кийинки жылы бүтүрөрүн билдирди.

1-фазада: (Түндүк-Түштүк) теңтаймаш жолдун долбоорунун узундугу 154 чакырым, ал Кызыл-Жылдыз айылы—Арал айылы (183-195), Казарман айылы—Жалал-Абад шаары (291-433 км)  жана курулушу Көк-Арт аркылуу кетет, анын узундугу 3, 7 км.

1-фазада Курулуштун жалпы баасы 400 млн доллар.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты