Нарын Айып Атамбаев тууралуу жазгандарынын баарын  төгүндөдү

Нарын Айып Атамбаев тууралуу жазгандарынын баарын  төгүндөдүНарын Айып соттук иштерге байланыштуу  соттун чечими менен  Алмазбек Атамбаев тууралуу жазгандарын  http://narynaiyp.com/ сайтына төгүндөдү.

1-төгүндөө:

Бишкек шаарынын Октябрь районунун соту Альбина Жээнбекованын 2017-жылдын 3-июлунда чыгарган  “Заноза” сайтына 2017-жылдын 3-мартында жарыяланган “Ложь якобы во спасение: паппет-шоу независимости”  (“Сактануу үчүн айтылган калп: эгемендүүлүк паппет-шоусу” ) аттуу макала чындыкка дал келбейт деп таанылсын жана  Президент А. Ш. Атамбаевдин кадыр-баркына доо келтирилди деп табылсын” деген чечимине ылайык, анда чындыкка коошпойт жана ал учурдагы Президент Алмазбек Атамбаевдин беделине доо кетирет деген пункттардын баарын төгүндөгөнүн билдирип  жазды.

Ошондой эле “Заноза” сайтына 2017-жылдын 1-мартында жарыяланган  Н. Идиновдун (Нарын Айып) “Арест Омурбека Текебаева: интрига закручивается” ( “Өмүрбек Текебаевднн камалышы:  чагымчылдыктын чыңалышы”)  аттуу макала чындыкка коошпойт жана Президент А. Ш. Атамбаевдин беделине доо кетирет деп эсептелсин” деген соттун чечимине ылайык, сотто белгиленгендерди төгүндөдү.

 2-төгүндөө

Бишкек шаарынын Октябрь районунун соту Абдуллаев Болотбектин 2017-жылдын 4-июлундагы  төмөнкү чечимине ылайык: «zanoza.kg сайтына жарыяланган чындыкка коошпогон жана Президент А. Атамбаевдин беделине доо кетирген  катары  2017-жылдын 1-мартында жарыяланган макаланын темасын “Текебаевдин юристтери: Кулаган учак жүгү Атамбаевдин үй-бүлөсүнө таандык” дегенди төгүнгө чыгаруу чечимине ылайык, бул маалыматты төгүнгө чыгарганын жарыялады.

3-төгүндөө

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Гүлчехра Оморованын 2017-жылдын 30-июлунунда чыгарган төмөнкү чечими: “zanoza.kg» сайтында 2015-жылдын 22-октябрында жарыяланган Н. А. Идиновдун  (Нарын Айып) “Миллионы от президента: за чей счет банкет на самом деле?” (“Президенттен миллиондор: Чынында той кимдин эсебинен?” ) деген макаладагы, асыресе, “Бирок Атамбаев кантип миллионер болгонун эстебей эле коюш керек. Бул тууралуу Аскар Акаев интервьюсунда айткан, муну раматылык Чынгыз Айтматов да билген, Акаевдин айтымында адабиятты өнүктүрүү үчүн 50 млн сомду Жазуучулар Бирлигине, асыресе, Жазуучулар Бирлигинин төрагасы Атамбаевге берген. “ПроМедиа” коомдук фондусуна бул маалыматты төгүндөө чечими жана

Октябрь раойндук соту Кайсын Абакировдун 2018-жылдын 28-февралындагы     бул сүйлөм “narynaiyp.com” сайтында төгүндөлсүн деген чечимине ылайык, аталган сайтта төгүндөлдү.

2017-жылдын 6-мартында Башкы прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык  “Заноза kg” сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан. Анын ичинен сайт 15 миллион сом, Нарын Айып 9 миллион, сайт ээси Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Журналист Нарын Айыптын үйү сатылбай турган болду, бирок журналисттин мойнуна илинген 9 млн. сом тууралуу чечим күчүндө калган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты