36 жашта, үч баланын атасы. «Манас» аэропортунун жаңы жетекчисинин өмүр баяны

  • 2 года мурун

“Манас” эл аралык аэропортунун директорлор кеңеши аэропорттун башкы директорлугуна 7-июлда Манас Самидиновду шайлашкан.

Буга чейин аэропорттун басма сөз кызматы жаңы жетекчинин өмүр баянын берүүдөн баш тартышкан.

Андан көп өтпөй басма сөз кызматы анын өмүр баяны менен бөлүштү.

Манас Самидинов 1986-жылы 14-ноябрда туулган.

2012-жылы Ж. Баласагын атындагы КУУнун Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун бажы кызматы боюнча билим алган.

2020-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун Юриспруденция факультетинде окуган.

Ал эмгек жолун «Nicon Company» ЖЧКсында кредиттик адис болуп баштаган. «Blue Three Central Asia» ЖЧКсында башкы директордун жардамчысы болуп иштеген. «Forester» жана «Сибирь Трейд» ЖЧКсында сатуу боюнча өкүл, «Нур Телеком» ЖЧКсында корпоративдик сатуу боюнча менеджер, «Самарс Групп» ЖЧКсынын башкы директору болгон. 2022-жылдын февраль айынан бери «Манас Менеджмент Компани» ЖАКтын башкы директору кызматын аркалап келет.

Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты