Непал: Кырсыктаган учактын “кара ящиги” табылды

Непал: Кырсыктаган учактын “кара ящиги” табылды

Кырсыкка учураган самолеттун “кара ящиги” табылганын Reuters агенттиги Катманду аэропортунун басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Кырсыктын себеби экипаждын конуу учурундагы катачылыгы болгондугу айтылууда. Бул тууралуу Катманду шаарынын аэропортунун жетекчиси Раджкумар Чхетри айтты.
“Түндүк тараптан конуунун ордуна, учак түндүк-чыгыш жактан ылдыйлай баштаган. Мындай конууга самолёт ылайыкталган эмес” деди ал.

2018-жылдын 12-мартында “Трибхуван” эл аралык аэропортуна  конууга даярданып жаткан US-Bangla Airlines компаниясына таандык жүргүнчүлөрдү ташуучу учак кырсыкка учураган. Учак аэропортко конуп жатканда учуп-конуу тилкесине жетпей, аэропорттун жанындагы футбол аянтчасына түшүп, күйүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 49 адам каза болуп, 22 адам жаракат алган. Учактын ичинде бардыгы 71 адам болгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты