Дагы «Tez Jet” компаниясынын самолету Баткенге коно албай, Бишкекке кайтты

Дагы «Tez Jet” компаниясынын самолету Баткенге коно албай, Бишкекке кайттыБүгүн, 13-мартта «Tez Jet” авиакомпаниясынын самолету Бишкектен Баткенге учуп, бирок коюу тумандан коно албай, кайра кайтып, Бишкекке конгон.
Самолет 13-мартта саат 11:26да “Манас” аэропортунан учуп, Баткенге коно албай, саат 12: 32де кайра “Манаска” конууга аргасыз болгон.
Анын себебин “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы Бишкек-Баткен багытындагы рейс аба ырайынын шартына жараша конгонун, Баткенде коюу туман түшүп турганы менен түшүндүрөт.
1-мартта да ал авиакомпаниянын самолету Бишкектен саат 11:22де чыгып, Баткенге бара жатып, кыймылдаткычы бузулуп, кайра 14:52 де “Манас” аэропортуна конгон. Бул кырсыкты атайын комиссия иликтеп жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты