Шыкмаматовдун соту 13-мартта уланды

Шыкмаматовдун соту 13-мартта уланды

Инфаркт алдында болгондугуна байланыштуу бир нече жолу жылдырылган “Ата Мекен” фракциясынан Жогорку Кеңеш депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун соту бүгүн, 13-мартта, Бишкек шаардык сотунда уланды.
Жактоочу Жакупбекованын айтымында, азыркы сот отуруму өтпөш керек болчу, анткени Алмамбет Шыкмаматов дарыланып жатат. Бирок ооруп жатканына карабай, сотту атайы созуп жатат дебесин деп, Шыкмаматов сот отурумуна келди. Жактоочу врачтар Шыкмаматовго “бир калыптагы эмес стенокардия, инфаркт алдындагы абал жана тамырлардын 60 пайыз ичкериши” деген диагноз коюп, мындан ары жакшылап дарылануу керек деп айтканына карабастан, Адис Момуналиев сот отурумун 13-мартка белгилеген.
13-марттагы сот отурумунда да мурункудай эле, тыңгылыктуу айып коё алышпай, Шыкмаматов мыйзамсыз тендер уюштуруп, бийликтин кадырын кетирген деп бекем туруп жатышат.
“Менин жүрөгүм акыйкатсыздыктан ооруп жатат. Мындайды ашынган душмандарыма да каалабас элем. Врачтар жазып берген режимди сактайм. Силер каякка шашып жатасыңар? Силерди ким шаштырып жатат? Эгер, силер, башы иштебеген баш кесерлер, кандай да болбосун, адамга айып таккыңар келсе, шоу кылбай эле койгула… Анда мени камагыла. Тээ 1938-жылы түзүлгөн, соту жок, суроо-сопкуту жок камаган Ежовдун үчилтигинен айырмаңар кайсы? Эгер кылмыш ишине тереңдеп карабасаңар, анда кудайга койдум силерди!” деди Алмамбет Шыкмаматов ачууланып соттогу сөзүндө.
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда судья Айбек Эрнис уулу Алмамбет Шыкмаматовго  50 миң эсептик көрсөткүчтө (5 млн сом) айып салган. 2011-жылдын 20-сентябрында Эсеп палатасынын төрагасы Сабырбек Молдокулов кызматтык жеңил машина сатып алууга байланыштуу тендер жарыялоо боюнча буйрук чыгарган.  “Мамлекеттик сатып алуулар” тууралуу мыйзам бузулуп, тендер өткөрүлгөн эмес, Эсеп палатасынын аудиторлору жеке жактар саткан машинаны өздөрү тандап алышкан” деп билдирет Башкы прокуратура.   Тендер өттү делип, жалган документтер даярдалган, тендер комиссиясынын төрагасы Ж. Иманалиев, комиссия мүчөлөрү Алмамбет Шыкмаматов жана А. Юксель сүйлөшүп алып, 5 кишиден “Мерседес-Бенц” машинасын сатып алынды деп келишим түзүлгөн” дешет. 2011-жылдын 5-октябрында тендер өткөрүлдү, ага эки компания катышты, бири А. Юксель жетектеген “Би Стар” компаниясы 4 млн 265 миң сом менен, экинчиси  “Барат Люкс” компаниясы 3 млн 368 миң сом менен катышты деп келишим түзүлгөн.
Башкы прокуратура Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, тендердик арызга “Барат Люкс” компаниясын да коштуруп, ага жубайы Турдакунованын “Мерседесин” 14 миң 637 долларга, көтөрмөлөп баалаган дейт. Эксперттердин баасы боюнча мындай машиналар 10 миң доллардын тегерегинде.  Эсеп палатасынын кызматкерлери  мыйзамды бузуп, бюджетке  залал келтиргенине Шыкмаматовдун да тиешеси бар деп айып тагылган.

Айжан Айтышева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты