Өкмөт аппараты да жетекчисиз калды

Өкмөт аппараты да жетекчисиз калды

Сооронбай Жээнбеков 12-мартта Өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевдин отставкасын кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчы кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө негизденип, Момуналиев Нурханбек Сакеновичтин отставкасы кабыл алынды жана ал берген арызы боюнча Өкмөт аппаратынын жетекчиси – министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми өкмөт башчы Сапар Исаковдун буйругу менен өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмилбек Бусурманкулов кызматынан алынып, анын ордуна Алмазбек Мусабеков дайындалганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты