Өкмөт баарын жазалады

Өкмөт баарын жазалады
12-мартта премьер Сапар Исаков өкмөттүн көптөгөн чиновниктерине сөгүш жана эскертүү берип, бир канчасын жумуштан алды.
Сапатсыз маалымат бергендиги үчүн Архитектура, курулуш жана турак-жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Самат Бөрүбаевге, Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын статс-катчысы Абдухалык Шамшиевге сөгүш жарыяланды;
Юстиция министри Уран Ахметовго, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Азамат Эркебаевге, мамлекеттик Мүлк фондунун статс- катчысы Илияз Ташбаевге эскертүү берилди;
Финансы министри Адылбек Касымалиевге эскертүү, Экономика министри Артем Новиковго жана Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага катуу эскертүү, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевге, Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайлалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскуловго, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовго, Архитектура, курулуш жана турай-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевге катуу эскертүү берилди;
Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге катуу сөгүш берилди.
Ал эми кызматтан бошотууну күтүп олтурбастан Өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурканбек Момуналиев өзү арыз жазганы белгилүү болду.
Бөлүм башчылар Улан Маматкановду, Максат Есеналиевди кызматтан бошотту.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты