Акыры СДПК съезди болот

Акыры СДПК съезди болотСоциал-демократтар партиясынын съезди 31-мартка белгиленгенин СДПК фракциясынын Жогорку Кеңеш депутаты Марат Аманкулов билдирди.

Өткөн жылдын декабрь айынан бери эле бир канча жолу жылдырылып келе жаткан  СДПКнын съезди 31-мартта өтөөрү болжолдонуп жатканын фракциянын ЖК депутаты Марат Аманкулов бүгүн, 12-мартта, билдирди. Съездде  учур маселелери каралат, ошондой эле СДПК партиясынын төрагасы шайланат.

Фарид Ниязов партиянын лидери сөз жок Алмазбек Атамбаев болот деп айтса, Марат Аманкулов да бул ойду бекемдеди.

“Партиянын саясий лидери тууралуу маселе чечилген, ал, албетте, Алмазбек Атамбаев болот. Бирок баары бир добуш берилип, шайланат” деди Марат Аманкулов.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты