Нурканбек Момуналиев  кызматтан кетип жатат

Нурканбек Момуналиев  кызматтан кетип жатат

Бүгүн, 12-мартта, премьер-министр Сапар Исаков Өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурканбек Момуналиевди кызматтан бошотуу боюнча Президент Сооронбай Жээнбековго сунуштама берди.   

12-мартта, премьер-министр Сапар Исаков Өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурканбек Момуналиевди кызматтан бошотуу боюнча президент Сооронбай Жээнбековго сунуштама бергендигин Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Нурканбек Момуналиев кызматтан кетип жаткандыгы тууралуу өзү мындай дейт:

—Кызматтан кетейин дедим, анын себеби Өкмөттүн аппаратынын эл аралык документтерди даярдоодо олуттуу катасы үчүн жоопкерчиликти сезип жатам.   Евразиялык экономикалык биримдиктин Бажы кодексин даярдоодо катачылыктар кетирилген — деп түшүндүрдү Нурканбек Момуналиев.

Ушул жылдын 8-апрелинде премьер-министр Сапар Исаков Евразиялык экономикалык биримдиктеги Кыргызстандын өкүлү, өкмөт аппаратынын Евразиялык экономикалык биримдик иштери боюнча бөлүм башчысы Санжар Үмөталиевди  кызматтан бошотуу тууралуу буйрукка кол койгон.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 30-декабрында Жогорку Кеңеш шашылыш түрдө кезексиз жыйында президенттин “Евразиялык экономикалык биримдиктин Бажы биримдигинин Келишимин ратификациялоо” боюнча мыйзамына каршы пикирин карагандыгы белгилүү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты