Робот жарышы: “Кыргыздын да Билл Гейтс, Цукербергдери чыксын”

Робот жарышы: “Кыргыздын да Билл Гейтс, Цукербергдери чыксын”

РоботФест -2018 фестиваль-сынагы  Силк Роуд Кембридж эл аралык мектебинде 10-мартта болуп өттү. Фестиваль «Сапат» билим берүү мекемеси тарабынан уюштурулуп, ага Кыргызстандын мектеп, лицей  окуучулары жана студенттер катышты.

Робот жарышы: “Кыргыздын да Билл Гейтс, Цукербергдери чыксын”Фестивалдын максаты— окуучулар арасында робот жасоо илимине кызыгууну пайда кылуу жана таланттуу балдарды колдоо. Бул жылдагы катышуучулардын саны 260ка жетти.

Робот жасоо, айрыкча Кыргызстанда, жөнөкөй жумуш эмес. Материалдарды сатып алуу да оңой эмес. Робот жасоо үчүн программалоону үйрөнүү жана атайын техникалар менен ишке ашыруу катардагы мектептердин колунан келбейт. Биринчиден, мектептерде бул техникага байланыштуу сабактар окутулбайт жана мамлекеттик мектептер кымбат программаларды каржылай алышпайт. Ошондуктан мелдешке «Сапат» лицейлеринин окуучулары жана Бишкектеги эл аралык мектептердин окуучулары активдүү катышты.

МакКинзи дүйнөлүк институтунун изилдөөлөрүнүн божомолунда, учурдагы жумуштардын 45% компьютерлешүүнүн натыйжасында автоматташып кетет. Мындай заманда роботторду жасай билүү, программалоону үйрөнүү келечектүү багыт. Анткени, барган сайын жашоо компьютерлеше берет, натыйжада технологияга байланыштуу кадрларга талап көбөйөт. Учурда да программалоо кызматкерлери —эң көп айлык алгандар арасында. «Сапат» мектептери да барган сайын ушул багытка басым жасап жасоодо.

Жыл сайын өтүүчү бул фестивалдын катышуучулары беш багыт боюнча роботтору менен жарышты:

Робот жарышы: “Кыргыздын да Билл Гейтс, Цукербергдери чыксын” Робот жарышы: “Кыргыздын да Билл Гейтс, Цукербергдери чыксын” Arduino line follower– бул жарыштын эрежеси боюнча кара сызыктан чыкпай, робот өзү, эч кимдин жардамысыз басып өтүүсү зарыл. Берилген аралыкты тез, катасыз өткөн робот жеңишке жетишет;

Lego Sumo – Мында аты айтып тургандай эле роботтор сумосу болот. Эки робот рингге чыгарылат. Экөө бири-бирин таап, анан карама-каршы тарапты рингден чыгарганга аракет кылат. Рингден чыккан робот утулат;

Lego line follower— бул жарышта робот сызыктарды туура өтүүсү зарыл. Мунун айырмасы роботу башкача жасалган жана сызыктары, убакыты да айырмалуу;

Ollo race – бул жарышта робот лабиринттин башынан аягына чейин болушунча бат чыгуусу зарыл. Роботтор алдынан чыккан тосмолорго туш келгенде өздөрү бурулуп, алдыга жол табуусу зарыл;

Ollo Ball Collector – мында эки робот топчолорду топтоо боюнча жарышат. Эң көп топтогону жеңишке жетишет;

Фестивалга Жогорку Кенеш депутаты Жанар Акаев дагы катышып: “Буйруса кыргыздан да Билл Гейтстери, Марк Цукербергдери чыксын”деп катышуучуларга ийгилик каалады.

Жакында Казакстанда чоң мелдеш болот

Мелдешке Таластан келген Байсенова Эиша, 7-класс, Ollo Race катышуучусу, Айгерим Жанышбекова жана Майыза Насырова Ош шаарынын Сапат Курманжан Датка лицейинин 9-класс окуучулары.  Arduino line follower жарышына катышып жатышат. Биз аларга бир нече суроо бердик.

Майыза Насырова, Ош шаары:

—Роботту кантип жасаганыңар жана келечектеги пландарыңар жөнүндө айтып берсеңер?

—Биринчи тетиктерин сатып алып, анан курадык. Кыйын болду, ошондуктан мугалимдер менен биргелешип курадык. Бир жумада жасап бүтүрдүк. Бул жакка командада негизи экөө эле катыша алат экен. Бирок биз муну Айгерим үчөөлөп жасаганбыз. Жакында Казакстандагы жарышка үчөөбүз барабыз, буйруса. Чоң жарыш болот, анткени ал жакка дүйнө жүзүнөн келишет. Буйруса, бүгүн жок дегенде күмүш медаль утабыз деп жатабыз.

Чет өлкөдө, Германияда, окуйбуз деген ниетибиз бар. Робот жасоо негизи хобби катары эле, бош убакытта кызыгып жасап турабыз, -деди ал.

Кыздардын роботу үч секундда сызыкты басып өттү. Бул 14 жаштагылар үчүн жаман жыйынтык эмес.

Программалоо— кыздар үчүн эң мыкты кесиптик тандоо. Анткени, бул тармакта иштегендер үйдөн деле иштесе болот. Көп ары- бери чуркабайт, коопсуз жана айлыгы да жакшы. Учурда компаниялар кайсы жерде жашаганына же улутуна карабайт, ошондуктан жумуш табуу мүмкүнчүлүгү да көбөйөт.

«РоботоФест» мелдеши 2015-жылдан бери “Сапат” билим берүү мекемеси тарабынан уюштурулуп келет.

Жибек Жыргалбек кызы

Сүрөттөрдү автор тартты

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты