№ 354 аты жок мөңгүгө “Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян” аталышын ыйгаруу жөнүндө” мыйзамга кол коюлду

  • 9 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров “Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Борду дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө “Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мыйзам 5-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Аталган мыйзамда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Борду дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө “Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян” географиялык аталышын ыйгаруу каралган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты