Жусуп Абдрахманов — улут лидери

Жусуп Абдрахманов — улут лидериБүгүн, 12-мартта, К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде  «Жусуп Абдрахманов – улут лидери” аттуу эл аралык илимий конференция өткөрүлөт.

Конференциянын ишине Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын окумуштуулары, саясат таануучулары, коомдук ишмерлери катышат.

Анда көрүнүктүү окумуштуулар Жусуп Абдрахмановдун мамлекеттик ишмер катары көрсөткөн илимий баяндамалар окулат. Кыргызстандык профессорлор Аскар Какеев, Өскөн Осмонов жана Россия, Казакстан ж.б. окумуштуулары баяндама жасашат.

Эл аралык илимий конференцияда китеп көргөзмөсү, документалдык фильм  көрсөтүлөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты