Бишкекте  апрелде  1 млн 200 миң түп гүл отургузулат

Бишкекте  апрелде  1 млн 200 миң түп гүл отургузулат

“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы борбордо гүл отургузууга даярдыкты баштады.  

Учурда күнөсканада 73 жумушчу иштеп, көчөттөрдү чоң идишке отургуза башташты.

Февраль айында эки оранжереяда бир жылдык гүлдүн 20 түрү жана 30 сортунун уругу себилген. Апрель айынын аягында шаардык клумбаларга  1 млн 200 миң гүл отургузулат.  Сальвия, катарантус, колеус, далия, добулярий  гүлдөрүнүн үчтөн түрү, тагенстин 10 түрү, вербена, цинерарий, астра, петуния, агератум ж.б. отургузулат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат үчүн: “Бишкек жашыл чарбанын” биринчи күнөсканасы 1933-1940-жылдары курулган. Согуштан кийин бир канча күнөскана курулса, эң соңкусу 1987-жылга туура келет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты