Бешбармак  Гиннестер китебине кирмей болду

Бешбармак  Гиннестер китебине кирмей болду

Улуттук тамак болгон бешбармакты Гиннес китебине киргизүү үчүн Бишкекте “Аю гранд комфорт” соода борборунда 11-мартта 9 жылкы союлуп, 12 тай казанга эт бышырылды.

Кыргыздын улуттук тамагы болгон бешбармакты Гиннестер китебине киргизүү үчүн 50дөй ашпозчу 1464 килограмм улуттук сүйүктүү тамакты жасашты. Буга 9 жылкынын эти, 700 килограмм кесме керектелди. Ошондой эле 117 метр келген чучук жасалды.

Дүйнөлүк Гиннестер китебине кирүү аракетин журналисттер Эльнура Кулуева, Дана Абдыбекова, Жамалбек Ырсалиев ж.б. демилгелеп чыгышкан.

Демөөрчүлөр Гиннеске расмий түрдө кыргыздын бешбармагын киргизүү үчүн 500 миң сом сарпташкан.

11-мартта Гиннестер китебине кирүү үчүн кезектеги тапшырманын бардык талаптары сакталып, бул иш-чара ийгиликтүү өткөнүнө шаардыктар жана анын меймандары күбө болду.

Бүгүнкү күндө кыргыздын ата-бабалардан калган улуттук тамагын даярдоо бешбармак кыргыздардын башын бириктирип, ынтымак- ырыс менен өлкөбүздү ар тараптан дүйнөгө таанытуу, даңазалоонун дагы бир түрү болду. Бул иш-чара Кыргызстанга келген туристтердин агымын да кыйла көбөйтүүгө салым кошот деп ишенүүгө болот.

Айрым адамдар бешбармак жасоо майрамы Нооруз күнүнө туш келсе болор эле деген да пикирлерин айтышты.

Бешбармак  Гиннестер китебине кирмей болду Бешбармак  Гиннестер китебине кирмей болду Бешбармак  Гиннестер китебине кирмей болду

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты