Ашыр Чокубаев менен коштошуу
- 6 лет мурун
- Блог
![Ашыр Чокубаев менен коштошуу](https://pk.kg/wp-content/uploads/2018/03/11-mart-Kino-j-nd-.jpg)
Ашыр Чокубаев Кино үйүндө, 2017-жыл 17-ноябрь
11-мартта, эртең мененки саат беште Кыргыз эл артисти Ашыр Чокубаев дүйнө салганына байланыштуу Кинематография департаменти;
КР Кинематографисттер бирлиги;
Т. Океев атындагы “Кыргызфильм;
Кинематографияны өнүктүрүү фонду;
Д. Садырбаев атындагы Кыргызтелефильм”;
“Айтыш” фильм
үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтты.
Таланттуу артист 1947-жылдын 4-декабрында туулган.
Ал эми уулу Адыл Чокубаев үч ай мурда, 4-декабрь күнү түшкөн атасынын сүрөтүнүн жанына минтип жазды:
—Бул сүрөт туура үч ай мурун, 4-декабрда, анын 70 жылдыгында тартылган. Бүгүн, 5 жылдык күрөштөн кийин, КР Эл артисти, менин атам, эр жүрөк адам Чокубаев Ашырбек Назарбекович кайтыш болду.
Кыргыз эл артисти Ашыр Чокубаев менен коштошуу 2018-жылдын 13-мартында Бишкекте саат 9. 30да Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өтөт.
![Ашыр Чокубаев менен коштошуу](https://pk.kg/wp-content/uploads/2018/03/11-mart-Kurmanzhan-datkada-Emirdin-rolunda.png)
“Курманжан даткадагы” Эмирдин ролунда
![Ашыр Чокубаев менен коштошуу](https://pk.kg/wp-content/uploads/2018/03/11-mart-Kyzyl-kilemde.jpg)
Ашыр Чокубаев Кызыл килемде, Үмүт форуму, 2016-жыл, 28-октябрь
![Ашыр Чокубаев менен коштошуу](https://pk.kg/wp-content/uploads/2018/03/11-mart-Uulu-salgan-s-r-t.png)
70 жылдык юбилейинде тартылган сүрөт. 2018-жыл, 4-декабрь.
![Ашыр Чокубаев менен коштошуу](https://pk.kg/wp-content/uploads/2018/03/11-mart-Emirdin-rolunda.png)
Ашыр Чокубаев “Курманжан датка” фильминде Эмирдин ролунда