Москвадагы атактуу кыргызстандык курьер Марат Исаев –бүгүн (видео)

Москвадагы атактуу кыргызстандык курьер Марат Исаев –бүгүн (видео)

Мындан туура 2 жыл мурда, 10-мартта,  Москвада курьер болуп иштеген жердешибиз Марат Исаев Россиянын президенти В.В. Путиндин колунан “Өлүм алдындагы адамды сактап калгандыгы үчүн” медалы менен сыйланган эле.

2016-жылдын 10-февралында Марат Исаев сержант Артем Королюк менен бирдикте тобокелге барып  метро рельсине кулап кеткен аялды сактап калганы эсибизде. Россиялык сержант Артем Королюктун артынан Марат Исаев да рельске секирип түшкөн. Талмасы бар аялды да жаткырып, өздөрү да рельске жатып калганда, алардын үстүнөн поезд өтүп кеткен. Аялды сактап калышкан, өздөрү да аман.

Мараттан журналисттер: —Аялды сактап калууга 30-40 эле секунд убактың бар экен, ошол учурда эмнени ойлондуң? –деп сураганда:

—Аялды сактап калууну гана ойлодум,  андан башка оюма эч нерсе келген эмес, -деп жооп берген.

Марат Исаев бүгүнкү күнү да Москвада жашайт, мурун иштеген “Дизайн” деподо курьер болуп иштейт. Келинчеги да Москвага, жанына барган.

—Мени унутпай, кичинекей эрдигиме сыймыктанган калкыма ыраазылык билдирем. Ошол күндөн кийин дос-жолдош, жакшы санаалаштарым көбөйдү. Мен ыраазымын! Андан бери эки жыл өтүптүр, убакыт деген учкан куштай экен!-деди ал биз менен Москвадан онлайн байланышка чыкканда.

https://www.facebook.com/zulpidin.nurmatov/videos/976958449062537/?t=1

Айжан Айтышева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты