Өкмөт өкүлдөрү Казармандагы митингчилер менен жолугушту (видео КЛООП)

Бүгүн,  10-мартта, КР Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Азис Сапаралиев, ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров, КР Өкмөтүнө караштуу айлананы коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин башчысынын орун басары Арсен Рыспеков жана КР Өкмөтүнө караштуу Мамэкотехинспекциянын башчысынын орун басары Расул Артыкбаев Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын жашоочулары менен жолугушуп, алтын чыгаруучу “Джи Эл Макмал Девелопинг” компаниясындагы абал боюнча сүйлөштү.

Чогулушка облус губернаторунун биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идрисов, жана  “Кыргызалтын” ААК төрага орун басары Талан Казаков катышты.

Жыйында Казарман айылынын тургундары “Джи Эл Макмал Девелопинг” компаниясынын уруксат берүүчү документтери боюнча суроолорду узатышты, андан тышкары кайра иштетүүчү ишкананын  айлана-чөйрөгө алып келчү зыяны боюнча сөз козгошту.

Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү аталган компания алтын камтылган концентраттарды кайра иштетип жатканда төмөн чыгаруу реагентин колдоноорун белгиледи (цианид натрийдин ордуна жароочу зат).

Буга кошумча, алар компания ишке кирерден мурда экспертиза, текшерүүлөрдөн өтүп, андан соң айыл тургундары менен коомдук угууларды өтүүсүн  айтып өтүштү.

Бүгүнкү күнү фабриканы куруу жана башка  иштер токтотулган.

Белгилей кетсек, Казарман айылынын тургундары бүгүн, 10-мартта 5-жолу митингге чыгып, алтын иштетүүчү ишкана чөлкөмдүн экологиясына зыян келтирет деп митингге чыгышкан.

Жергиликтүу калк буга чейин да бир канча жолу митингге чыгышкан. (видео жана фото: КЛООП).

 

https://www.facebook.com/kloop.kg/videos/10155459169789639/

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты