Гүлзат Мамытбек: “Тур, кыргызым!”
- 7 лет мурун
- Блог
Акыркы күндөрү социалдык тармактарда өзүн “Жаңы кыргыз деми” деп атаган Гүлзат Мамытбектин тарткан видеолору популярдуу болуп, талкууга алынууда. Ал видеолордо автор кыргыз элине мотивация берүүгө аракет кылып келет. High Time тил үйрөтүү курстарынын негиздөөчүсү Гүлзат учурда Даниянын борбору Копенгаген шаарында психология боюнча окуп жаткан кези. Ал жактан үйрөнгөндөрү Кыргызстанды өнүктүрүүгө пайдасы тиет деген ишенимде.
— Гүлзат, өзүңүздү “Улуттун жаңы деми”, “дем берүүчүсү” деп атап жатасыз, мындай ролду тандап алганыңызга эмне себеп болду? Жана мындай багыттагы видеолорду качантан баштап тартып баштадыңыз?
— Мен чындыгында эле Кыргызстандын улуттук демимин. Мен муну кичинекей кезимден эле билчүмүн. Ар бир адамдын өзүнүн миссиясы бар экен. Бирок мен бул миссиямды эми таппадымбы. Мен былтыр октябрь-ноябрь айларында Копенгаген шаарында лидерлик боюнча окуп кеткем. Бул учур менин потенциалымдын жарылуусу болду. Ошондо мен Кыргызстандын улуттук деми экенимди так көрдүм. 2030-жылы Кыргызстан эң алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирерине көзүм жетип, сүрөтү пайда болду. Ошондо мен Кыргызстандын жаңы деми болоюн деген чечимге келдим, ошондон бери кыргызстандыктарды шыктандырып келе жатам.
— Данияда азыр дагы жүрөсүз да, азыр эмне боюнча жүрөсүз?
— Азыр Данияда психология жана потенциалды ачуу боюнча илимди үйрөнүп жатам. Психология боюнча эң жогорку деңгээлдеги адис болуп чыгам, кудай буюрса. Одитор деп аталат, англисчеден которгондо угуучу деп түшүндүрүлөт. Ар бир адамдын ичиндеги потенциалын ойгото турган адис болуп чыгам. Психологдор көбүнчө “мындай кыл, тигиндей кыл” деп өзүнүн кеңешин айтып, катачылыктарды кетиришет. Ар бир адамдын потенциалы ар башка жана жооптор ал адамдын ичинде гана катылган. Одитор мына ушул жоопторду алып чыгат. Ошондуктан ар бир адамдын ичиндеги потенциалды ойготуу – бул одитордун милдети. Мен бул окуунун жыйынтыгында 5-класстагы одитор болуп чыгам, ошондуктан, Кыргызстаныма көп пайда алып келем.
— Сиздин видеолорунузга таасирленип жашоо образдарын өзгөрткөндөр болуп жатат бекен? Сизге жазып жатышабы?
— Менин видеолорум өтө көп адамдарды шыктандырып жатат. Мен өзүм дагы аябай таң калып жатам. Видеолорум Россиянын шаарларына чейин кетип атат, социалдык тармактардан көп кишилер бөлүшүп, комментарийлеп жатышат. Жазгандар дагы өтө көп болуп жатат.
— High Time деп тил курстарынын негиздөөчүсүсүз, өз алдынча ишкер болууну качан чечтиңиз эле?
— High Time курстарын мен 2006-жылы негиздегем. 2005-жылы Экономика министрлигинде маалымат катчы болуп иштеген элем. Алмазбек Атамбаев министр болуп иштегенде мен ага англис тилинен сабак бергенмин. Ал менин окутуу ыкмама баа берип, тил үйрөтүү курстарын ачуу керектигимди айтып, түрткү берген. Бул үчүн ага чоң ыраазычылыгымды билдирем.
— Атамбаев анан англисче үйрөндүбү, азыр байланышып турасызбы?
— Алмаз Шаршенович англис тилинде жакшы сүйлөп баштаган болчу. Тилекке каршы, 8 сабактан кийин ал кишинин убактысы абдан тартыш болуп курстар калып калды. Жакында эле бир маалымат жыйынында ал High Time курстарынын биринчи окуучусу болгонун айтыптыр. Бирок практика жок болсо унутуп калат экенсиң деп айтыптыр.
— Ийгилик дароо эле жылмайбаса керек, кандай кыйынчылыктар болду аларды кантип жеңип өттүңүз?
— Бул курстарды ачканда 3-4 ай аябай кыйын болгон. Бул ишти насыя алып ачкан болчумун, отуруп алып ыйлаган учурларым болгон. Таштап коеюн деген учурларым дагы болгон. Бирок, ийгилик өжөрлүктү, тырышчаактыкты жактырат. Ошондуктан, кыйынчылыктарга моюн сунбай дагы алдыга карай жыла бердим. Кыймылдай эле берсең ийгилик сага карап жылмая баштайт экен.
— “Койчу ушундай видеолорунду” дегендер да барбы, жакын адамдарыныз кандай кабыл алып жатат?
— Андай адамдар болгон жана азыр дагы бар. Октябрь айында мен ушундай видеолорду тартып баштаганымда көптөр “бул эмне келесообу, дайыма эле күлө берет экен, же бир нерсе чегип алганбы, же оорулуубу” деген учурлары болду. Азыр ошол эле адамдар башкача комментарий жазып калышты. “Гүлзат эже, башында мага жакчу эмессиз, бирок азыр эми сизди түшүнүп баштадым” деген маанидеги пикирлер көп боло баштады. Ар бир адам энергетиканын ар кайсы толкунунда болот да, алар негативдүү комментарийлерди жазып жаткан учурда алар ылдыйкы толкундарда болчу, бара-бара менин видеолорумду көрүп отуруп аң-сезимдеринде өзгөрүүлөр болуп жогорку толкунга, мен жүргөн толкунга көтөрүлгөндө пикирлери дагы өзгөрүп жатат. Менин милдетим өлкөмдөгү бардык жарандарды ушул толкунга көтөрүү.
— Позитивдүү ой жүгүртүп, максаттарга жетүүгө аракет көрүүнү качан баштадыңыз?
— Менин жашоомдо чоң сокку болуп, мен аңга түшүп кеткендей эле болгом. Эки жыл мурун мен үч балам үчүн өзүмдү колго алып, билим ала баштадым. Саздан жогору көздөй көтөрүлө баштадым десем болот. Аябай негативдүү адам болуп калгам, өзүмдүн ийгиликсиз иштериме башка бирөөлөрдү күнөөлөй берчүмүн. Жаңы позитивдүү маалыматтарды ала баштагандан тартып, адамдын ар бир клеткасы жашарып, башка толкунга чыга баштайт. Ошондон тартып менде бул жеңиштер башталды.
— Өзү кесибиңиз боюнча кимсиз?
— Кыргыз улуттук университетинин Журналистика факультетин аяктагам. Университеттеги билим берүү жөн гана кагаз берерин түшүндүм. Мен кызыл диплом менен аяктагам окууну. Бирок, мен көп нерсени университеттен эмес өзүм алдым. Мугалимдерим башка окуу жайлардыкына караганда эң күчтүү болчу, бирок мен өз алдынча окугандан көп нерсени үйрөндүм. Университетте окубай эле койсо дагы болот деп ойлойм мен.
— Чарчоо, жалкоолук деген болобу сизде да? Аларды кантип жеңесиз?
— Жалкоолук менен чарчоо деген түшүнүктөр өзү жок нерселер экен. Биз аны өзүбүз эле ойлоп табат экенбиз. Чоң максаттарыбыз болгондо жалкоолук дагы, чарчоо дагы болбойт экен. Мен азыр аябай чоң максаттарды алдыма койгом. Күнүнө болгону алты сааттан уктайм. Бүгүн ишемби болгондуктан жети жарым саат уктап алдым. Адамдын максаттары кичинекей болгондо өзү бат чарчап, жалкоо болуп калат экен. Ал адамда чоң максаттар болгондо чарчаганга убактысы жок болуп калат. Менин максатым Кыргызстанды шыктандырып, 2030-жылга номер биринчи өлкө кылуу. Голливудда “Александр”, “Гладиатор” сыяктуу деңгээлде “Манас” тасмасын тартып калууга жетүү. Мен кыргыз элинин жаңы Курманжан даткасымын.
— Үч баланын энеси экенсиз. Үйбүлөгө, үйдөгү иштерге кантип жетишесиз? Балдарыныз азыр ким менен калды? Аларды тарбиялоодо дагы өзүңүздүн ыкмаларыңыз болсо керек?
— Тилекке каршы, биздин өлкөдө эркектердин ой жүгүртүүсүн өзгөртүшүбүз керек. Мен алдыга карай бат-баттан жылып, өнүгө баштаганымда бул нерсе жолдошума жаккан жок. Ал аял үйдө отурушу керек деген ойдо болду. Биздин ой жүгүртүүлөрүбүздүн толкундары бири-бирине дал келбей калды. Ошондо биз ажырашып кеттик. Мындай энергетика менен мен үйдө отура алган жокмун. Ажырашканыма азыр өкүнбөйм. Анткени, мен ар бир секунд сайын өнүгө баштадым. Ал дагы үйлөндү, бактылуу жашап жатат. Менин эки улуу балам атасы менен калган, 2,5 жаштагы кызым менде, азыр ал менин апам менен калды. Мен окуп баштаганымда такыр башка апа, башка адам боло баштадым. Мурда, тилекке каршы, мен балдарыма кол көтөргөн учурларым дагы болчу, же бурчка тургузуп коер элем, кыйкырчумун. Мени дагы ошентип тарбиялашкан да. Апамдын чыбыгы дайыма үйдүн бурчунда турар эле. Сөздү укпаган учурларыбызда бизди ошол чыбык менен сабачу. Бирок мен бул ыкма туура эмес экенин бала кезден эле бичүмүн. Мен өзүм апа болгонумда балдарымды урбайм деп сөз берген элем. Муну айтып жатканда ыйлагым келип кетип жатат. Балдарымды өзүм сабап жатканда дагы туура эмес экенин билчүмүн, ошон үчүн мен окушум керек деп ойлочумун. Кантип мыкты апа болуу керек деген билимдерди ала баштадым, анан мен башкача апа болдум деп ойлойм. Азыр менин балдарым мен үчүн ар бири өз ой-пикири бар инсандар. “Бала деген баладай, башы көзү чарадай болуш керек. Тур ары!” деп коебуз го, ал туура эмес нерсе экен. Бир жолу мен “Нават” кафесине балдарым менен кирип калдым. Бир кызым “Бурчка отуралы, мен телефонумду зарядга сайып отурам” деп калды, мен аны угуп башка жерге көчүп отурдум, экинчи балам бир башка тамакты жейм деп тандап калды, анан официант мага “Балдарыңыздын баары чыр окшойт ээ?” деп суроо берип жатпайбы, анан мен “Жок, алар чыр эмес, болгону мен алардын пикири менен эсептешем, алар дагы инсандар” деп жооп бердим. Эгер ал балдарым туура эмес нерсени айтып жаткан болсо анда мен ага түшүндүргөнгө аракет кылам. Балдарым дагы “Апа, сен окуп баштагандан тартып, башкача апа болуп калдың” деп айтышат. Мен балдарым күчтүү инсандар болуп чыгарына, Гарварддын бүтүрүүчүлөрү болоруна ишенем.
— Саясатка аралашуу пландарыңыз барбы?
— Ооба, мен саясатка аралашкым келет. Депутат, министр болуш үчүн эмес, мен ошол депутат, министр, президенттерге дем, шык берүү үчүн аралашкым келет. Алардын ар бир таза болуп, өлкө үчүн иштесе, өлкөбүз дагы өнүгөт эле.
— Кандай үйбүлөдө чоңойгонсуз, алар сиздин мындай амбицияларыңызды кандай кабыл алышат?
— Ала-Бука районунда төрөлгөм. Үйбүлөдөгү беш баланын үчүнчүсүмүн. Балдардын ичинде революционер болчумун. Адилетсиздик болгон жерде чыдабай кетчүмүн. Эгер ата-энемден бир нерсе сураш керек болсо бир туугандарым менден суратар эле.
— Сүрөттөрүңүздө чын эле башкача экенсиз, өзүңүздү канча убакытта өзгөртө алдыңыз? Оюңузду, пландарыңызды сырткы келбетиңизди?
— Ооба, башында ошондой болчумун. Өзүмдү колго алганыма эки жыл эле болду.
— Маегибиздин акырында элге эмне деп кайрылат элеңиз?
— Мен Кыргызстандын келечегине ишенем! 2030-жылга чейин 12 жыл убакыт калды, бул убакытта биз бат-баттан өнүгүшүбүз керек. Бул менин ар бир кыргызстандыкка билдирүүм болсун. Кыргызым, берекем, алтыным, тура кой, ойгоно кой! Демди мен берейин сага, сен туруп ишиңди кыл, дайыма жакшы кишилердин сөзүн ук, дайыма жакшы иштерди жаса, жаман кабарларды тараткыч болбо, алтыным! Жакшы гана нерселерди көрүп, жакшы кабарларды таратып туралы, жакшы нерселерди жараталы! Жаман нерселерди аттап-буттап өтүп кет! Чыңгыз Айтматов айтмакчы, ашказан мээден акылдуураак, ашыкча нерсени ал кусуп салат, мээ кусканды билбей, баарын сиңире берет экен. Жаман нерселерди сиңирген сайын биз жаман иштерди жасап баштайбыз. Ошондуктан, берекем, мен кыргыздын жакшы экенине ишенем. Улутчул болбойлу, динчил болбойлу!Ар бир улут, ар бир дин бар болгонго татыктуу! Мен кыргыздын жаңы депми Гүлзат Мамытбек сүйлөп жатат!
Маектешкен Дилбар Алимова