ТИМ: Измирде өрттөн жабыркаган кыргыз кыздын абалы оор (видео)

ТИМ: Измирде өрттөн жабыркаган кыргыз кыздын абалы оор (видео)

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 10-мартта билдиргендей, Түркиянын Измир шаарындагы мейманканадагы өрттөн жабыркаган кыргызстандык кыздын абалы оор.
Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу Измир шаарынын укук коргоо органдары менен байланышып, маалымат алган. Маалыматка ылайык, өрттөн 4 киши жабыркаса, аны бири— М.Ж. аттуу кыргыз жараны. Түркиялык укук коргоо органдары тарабынан өрттүн себеби иликтенүүдө.
Кыргызстандык кыз жаткан оорукана менен байланышканда, оор абалда экени маалым болгон.
Кыргызстандык кыздын өрт учурунда жогорку кабаттан кулаганы видеого тартылып калган.

https://youtu.be/QxD6oKdaRDo

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты