Кадамжай: ФАП ачылды

Кадамжай: ФАП ачылды

7- мартта Баткен облусундагы Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн Сары Алтын айылында фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) ачылды.
ФАП жалпы суммасы 3 млн сомго курулуп, анын 2 млн 140 миң сому демөөрчүлөрдүн, 840 миң сому Майдан айыл аймагынын жетекчилиги тарабынан каржыланды. Эмеректер, медициналык жабдуулар Кадамжай райондук үй-бүлөлүк дарегерлер борбору тарабынан берилди.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты