Вероника Инкико: “Атам италиялык, апам орус, кыргызстандык” (видео)

Вероника Инкико: “Атам италиялык, апам орус, кыргызстандык” (видео)

13 жаштагы Вероника Инкико Италиянын Монтекастелло шаарынан келип, Россиядагы “Голос. Дети” музыкалык конкурсунун 5-чыгарылышына катышып, калыстардын үчөөнүн тең арзуусуна татыды. Өзү ырчы Пелагеяны насаатчылыкка тандап алды. Ал ритания ырчысы Дуа Липанын “Biow your mind” аттуу Британия ырын ырдаган. Ал эми 2017-жылы Dua Lipaнын алгачкы альбомуна кирген.    

Вероника Инкико “Голос. Дети” конкурсунда атасы италиялык, апасы орус, Кыргызстандан болоорун айтты.

Вероника Кытайда туулуп, балдар бакчасына Италиядан барган, Алжирде жашаган, атасын иши боюнча Кыргызстанга жиберишкенде, алты жыл Кыргызстанда жашап-окуган.

2016-жылы Вероника Инкико Кыргызстандын атынан Крымда “Балдардын “Новая волна” конкурсуна катышкан.

Вероника бир катар эл аралык жана кыргызстандык ырчылык конкурстардын жеңүүчүсү. Кыргызстанда 11 жашында Kg Tay конкурсунда 1-орунду ээлеген, 2015-жылы  Италияда Veneto music contes конкурсунда 1-орунду ээлеген.

Вероника сүрөт тартканды, бийлегенди, музыка укканды жакшы көрөт. Ысык-Көлдөн эргүү алат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты