Таабалды Тиллаев, КР ЖК депутаты: «Бишкекте, Манас көчөсүндөгү 5 гектар жер кимге берилгенин иликтөөнү талап кылабыз»

Таабалды Тиллаев, КР ЖК депутаты: «Бишкекте, Манас көчөсүндөгү 5 гектар жер кимге берилгенин иликтөөнү талап кылабыз»

—Бишкек шаарындагы Манас көчөсүнүн жогору жагындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын сол тарабында Акаев менен Бакиевдин мезгилинен бери кармалып турган 5 гектар жер азыр курчалып, кандайдыр бир курулуш курула баштаптыр. Өкмөт ал жер кимге жана кантип берилгенин иликтеп чыгып, депутаттарга маалымат берүүгө тийиш. Бул тууралуу депутат Таабалды Тиллаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Мен өкмөттүн өкүлүнөн курулуштун жүрүшүн дароо токтотуп, анан иликтөө жүргүзүүнү талап кылам. Ал мамлекеттик трассада жайгашкан жер. Ал жер кимге берилип, бюджетке канча каражат түшкөнүн тезинен тастыктоо керек. Эгерде бизнес үчүн берилсе, анда рыноктун баасында бюджетке каражат түшүрүү керек. Жер жок деп, ага карабастан, каалагандарга таратып берип жатабыз. Керек болсо, биз дагы депутаттык комиссия түзүп текшерүүгө алабыз.

Депутат Таабалды Тиллаевдин мындай талабын Мирлан Жээнчороев менен Сайдулла Нышанов баштаган бир катар эл өкүлдөрү да колдошуп, Өкмөттөн иликтөө жыйынтыгы боюнча маалымат берүүнү талап кылышты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты