УКМК: Бажы жана Салык кызматтарындагы коррупциялык схема ачылды!
- 7 лет мурун
- Блог
Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, УКМК Бажы жана Салык кызматтарындагы коррупциялык схеманы ачып, 217 млн сом каражатты жегенин аныкташты. 8-мартта Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматы тарабынан Салык кызматынын жетекчилери жана кызматкерлери, ага тиешелүү бир катар фирмалардын өкүлдөрү кармалып, алар 217 млн сом бюджеттик каражаттын жеке кызыкчылыгына пайдаланган фактысынын бетин ачылды. 6-мартта салык жана бажы кызматтарынын имараттары, “Полларис” жана “Интерустрейд” компанияларынын офистери, “Дордойдун” кампалары, ал ишке катыштыгы бар адамдардын жашаган жерлери тинтилген. |
Анын натыйжасында бир катар жасалма документтер, мөөрлөр, жасалма фирмалардын мөөрлөрү табылган. 7-8-мартта аталган фирмалардын кызматкери кармалган. Алар: А.Б.А. жана М.А.А., салык кызматынын жетекчилери жана кызматкерлери К.Э.С., Б.М.Ж., Б.Д.С., Б.А.А., Р.М.К..
Буларга Кылмыш кодексинин 166-беренеси, 4-бөлүк, 2-пункт (алдамчылык) жана 304-берене, 3-бөлүк, 1-п. (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен айып салынууда.
8-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май соту тарабынан аларга айып коюлуп, УКМКнын убактылуу жайына камалган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.