Сүрөтчүлөр арасында конкурс

 Сүрөтчүлөр арасында конкурс

КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) “Айтматов ааламы” аттуу сүрөтчүлөрдүн көргөзмө-конкурсун жарыялайт.    Залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган  “Айтматов ааламы” сүрөтчүлөрдүн көргөзмө-конкурсуна таланттуу, креативдүү чыгармачыл  жаш сүрөтчүлөрдү  катышууга чакырат.

Конкурска орто жана жогорку окуу жайлардын студенттери, студенттик жамааттар, жаштар уюмунун өкүлдөрү, ошондой эле көркөм-сүрөт искусствосуна, чыгармачылыкка кызыккан Кыргыз Республикасынын жаш сүрөтчүлөрү  катыша алат.

Көргөзмө-конкурска катышууга төмөнкүлөр керектелет: көргөзмөлүк эмгектер жана каталогго кирүүчү материалдар электрондук түрдө (JPEG, JPG форматында 400х400  пикселден кем эмес электрондук түрдө же басылган кагаз түрүндө почтага, сүрөттөр 10 х 15 см. кем эмес көлөмдө) жиберилиши керек. Сүрөттөр жогорку сапатта болууга тийиш. Сүрөттөн сырткары автордун аты-жөнү, туулган күнү, эмгегинин жасалган убактысы жана көлөмү, эмгектин материалы жана техникасы, кайсы көргөзмөлөргө катышкандыгы тууралуу маалымат каты тиркелиши керек.

Көргөзмө-конкурстун жеңүүчүлөрүнө сүрөтчүлөрдүн каталогу, дипломдор жана акчалай сыйлыктар ыйгарылат.

Иштер 2018-жылдын  25-мартына  чейин 720049, Бишкек шаары, 11-кичирайон, 10/1 үй  же [email protected]  электрондук дареги боюнча кабыл алынат.

Толук маалыматты www.patent.kg  сайтынан алууга болот.

Байланыш телефондор (0312)  52-08-07; 52-12-47; (0777) 98-98-93, (0553) 18-81-93

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты