Веб-камера аркылуу интимдик кызмат көрсөткөн 64 кыз-келин катталды

Веб-камера аркылуу интимдик кызмат көрсөткөн 64 кыз-келин катталдыБишкек шаардык ички иштер башкармалыгы быйыл жыл башынан бери Интернет аркылуу интим кызмат көрсөткөн 64 кыз-келинди каттоого алды. Шаар милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, алар веб-камера аркылуу кардарга жылаңач денесин көрсөтүп акча табышат.

Милициянын маалыматында мындай иш менен алектенгендер тобокел топтордун катарына киргендиктен, каттоого алынышы зарыл экени айтылат.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинде интимдик кызмат уюштургандарга каршы чаралар жазылган. Ал эми денеси аркылуу акча тапкандарга каршы мыйзам жок.

260-берене («Сойкулук кылууга тартуу»), 261-берене («Сойкулук кылыш үчүн көмүскө жайларды уюштуруу») деп аталат. Бул боюнча айыпталгандар беш жылга чейин камалат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты