Кыргызстанда 30 миңдей ондатра бар

Кыргызстанда 30 миңдей ондатра барТериси баалуу суу жаныбары, кемирүүчү—ондатраны эсепке алуу иштери башталды.       

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Илимдер академиясынын окумуштуулары менен бирдикте ондатранын жазгы эсебин 20-апрелге чейин алышат. Ал эми сентябрда күзгү санакты жүргүзүшөт.

2016-жылы өлкөдө 14 миң 142 баш ондатра болсо, 2017-жылы алардын саны 20 961  башка жеткен.

Бул тууралуу Айлана-чөйрөңү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматтарга караганда, териси баалуу суу жаныбары—ондатра Советтер Союзуна Түндүк Америкадан алынып келинген. Кыргызстанга 1944-жылы 300 баш алынып келинген.  Бул суу жаныбары жакшы тукум алып, өлкө баалуу тери даярдоодо биринчи орунга жетишкен.

Ондатра камыш сыяктуу суу жээгнндеги өсүмдүктөр менен азыктанып, чөп болбогон мезгилде чабак балык, майда жаныбарларды жейт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты