“Жашоону көркүнө чыгарып, кут алып келесиздер!” Президенттин куттуктоосу.

“Жашоону көркүнө чыгарып, кут алып келесиздер!” Президенттин куттуктоосу.

Президент Сооронбай Жээнбеков 8-март –  Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

—Урматтуу айымдар! Сиздерди жаз майрамы 8-март  – Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
Сиздер өз  мээримиңиздер менен жашоону  көркүнө чыгарып, үйгө кут, өмүргө кубаныч алып келесиздер. Сиздердин энелик сезимиңиздер, келечек муунга арналган чексиз сүйүүңүздөр  жашоонун улуу көчүн улап келет. Кыргыз элинде байыртан эненин орду өзгөчө бааланып келген. Ал  ыйык салт биздин коомдо  дайыма аздектелип сакталат.
Сиздер бүгүн өлкөнүн саясий, экономикалык, социалдык жана маданий чөйрөсүнө жигердүү катышып жатасыздар.
Аялдар – жашообуздун ыйык коломтосу. Коомубуздун  ынтымагына жана биримдигине  сиздердин кошкон салымыңыздар  баа жеткис.
Сиздердин кажыбас кайратыңыздар, турмуштук активдүү позицияңыздар бизди  ар  дайым  бийик максаттарга, зор жоопкерчиликке багыттап турат.
Урматтуу асылзат айымдар!
Сиздерди  майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Баарыңыздарга бекем ден-соолук, бакубат турмуш,  бакыт-таалай каалайм!
Майрамыңыздар менен!

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты