Мээрими, ак сүтү, аруулугу эч нерсеге теңдешсиз!

Мээрими, ак сүтү, аруулугу эч нерсеге теңдешсиз!
Эне мээрими, ак сүтү, аруулугу эч нерсеге теңдешсиз! Ал эми эненин ар бир кубанычы, күлкүсү өмүрүнө-өмүр кошуп, жашоосун көрктөндүрөрү анык. Жаркырап жаздын келиши менен 8-март — Аялдардын эл аралык күнү белгиленет. Бул күнү бардык аялзатына, эне затына жүрөктөн суурулуп чыккан аруу тилектер айтылып, белектер тартууланат.

Мээрими, ак сүтү, аруулугу эч нерсеге теңдешсиз!Чынар Капарова, диктор:
«Мен бактылуумун, анткени мен энемин»
— Балдарыңыздан белек алыпсыз. Кандай сезимде болуп жатасыз?
—Балдарым ар бир майрамда мени куттуктоого олуттуу мамиле жасашат. Албетте, алардын мындай аракети мени абдан кубандырат. Ар бир эне баласынын амандыгын, акылын тилейт эмеспи. Балдарыбыздын биздин эмгекти баалап, барктаганы чоң бакыт. Мектеп курагында болушса да жол кире же майда чөнтөк чыгымы үчүн алган тыйындарын чогултуп, анан мага белек тартуулашат. Өзгөчө менин китепти жана таттууну жакшы көрөрүмдү билишип, мага жага турган китепти алышат. Мен бактылуумун, анткени мен энемин.


Айбек Касымов, ырчы “Апамдын кубанычын, күлкүсүн эч нерсеге алмашпайм”
—Апамды ар дайым кубантууга аракеттенем. Апам акыркы жолу КТРКдагы “Бактылуу айым” программасынын медалы менен сыйланды. Андан тышкары апама өзү каалап жүргөн алтын шакекти белек кылдым. Апамдын кубанычын, күлкүсүн эч нерсеге алмашпайм.


Алтынай Нарбаева, ырчы: “АрМээрими, ак сүтү, аруулугу эч нерсеге теңдешсиз! дайым алдыда болууга, кыйынчылыкты жеңүүгө тарбиялады”
—Апамдын ар бир айткан сөзү энциклопедия болуп калды. Апамды күн сайын эстейм, мүнөт сайын эстейм. Туулган күнүндө, майрамдарда куттуктап турчумун. Апамдын “баам парасаттуу” деген сөзү көкүрөгүмдө калды. Айткан акылы, кеңештерин ар дайым эстейм. Өзгөчө таза бол деп дайым айтар эле. Ар дайым алдыда болууга, кыйынчылыкты жеңүүгө тарбиялады. Бир туугандарымдын арасынан эң кенжеси болгондугумдан мага өзгөчө мамиле жасачу. Ошондуктанбы, азыр да апам тарбиялаган мүнөз менде калыптанып калган. Азыр да айтканымдан кайтпайм.


Жанара Каденова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты