Коомдук кеңеш мүчөлөрү журналисттер менен жолугушту

Коомдук кеңеш мүчөлөрү журналисттер менен жолугушту

Медиа-өкүлдөр менен жолугушууда Булан институту Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Коомдук кеңеш менен биргеликте уюштуруп жаткан долбоорду презентация кылды.

Долбоор Билим берүү жана илим министрлигинин Коомдук кенешинин ишмердигин бекемдөө, медиа жана коомдук уюмдар менен кызматташтыгын жакшыртуу максатында  Европа Биримдигинин «Коомдук кеңештердин ишмердигин бекемдөө” («Кыргызстандын Коомдук кеңештерине жарандык коомдун катышуусун күчөтүү») программасы тарабынан колдоого алынды. Аталган институттун координатору Назгүл Калмамбетова билдиргендей,  долбоор үч айга — март айынан май айына чейин созулмакчы.

Бул аралыкта Булан институту долбоордун негизинде тегерек столдорду, тренингдерди жана пресс Коомдук кеңеш мүчөлөрү журналисттер менен жолугуштужыйындарды журналисттердин катышуусу  менен өткөрмөкчү. Долбоордун башкы максаты — Билим берүү жана илим министрлиги алдындагы коомдук кеңеш тарабынан аткарылган жумуштарды медиа уюмдар менен кызматташуу аркылуу элге кененирээк маалымат жеткирүү.

Булан институт — бейөкмөт уюмунун башкы офиси Женева шаарында жайгашкан, учурдагы долбоор анын Бишкектеги өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп жатат. Бул институту Кыргызстандагы окуучулардын сапаттуу билим алуу боюнча укуктарын коргоо, мектептеги коопсуздук жана билим сапаты, диний окуу жайларды реформалоо тууралуу долбоорлордун үстүндө иштейт.

Жолугушуунун жүрүшү дискуссияга айланып кетти. Учурдагы окуу системасына көңүлү толбогон журналисттер ата-энелерди тынчсыздандырган суроолорду беришти. Мисалы, учурда мектептер беш күндүк окуу программасына өткөнүнө карабастан, гимназия мектептер мурункудай эле алты күндүк окуу программа менен окутуп жатканын, окуу программасындагы практикалык эмес сабактардын көбөйүшү жана акча чогултуулар тууралуу кеп болду.

Коомдук кенеш билдиргендей, алар иликтөөлөрдүн негизинде Билим берүү министрлигине сунуштама гана бере алышат. Бирок мектепке жана анын программасына байланыштуу көйгөйлөрдүн көпчүлүгүн ата-энелер мектеп администрациясы менен биргеликте иштөө аркылуу чече алышарын айтты. Ошондуктан ата-энелерди да балдары окуган мектептин жашоосуна активдүү көңүл бурууга чакырды.

Коомдук кенештин төрайымы  Айнура Тентиева окуучулардын программасын бекитүүдө ата-энелер мектепке бир канча талаптарды коюп, балдарынын кандай сабактарды окуусуна таасир бере алары тууралуу айтты.  Коомдук кеңеш мүчөлөрү журналисттер менен жолугушту

Булан институттун координатору Назгүл  Калмамбетова ата-эне менен мектеп ортосундагы байланыштын маанилилүүгү тууралуу кошумчалады.

—Булан институту мектептеги окуучулардан акча чогултуу тууралуу изилдөө жүргүзгөндө, баласын мектепке киргизүү үчүн акча бергенин айткан ата-эне бир канча убакыттан кийин доо арыз берүүдөн баш тартышты. Биз эч нерсе кыла алган жокпуз. Көйгөй мектеп менен ата-энелердин ортосунда болгондуктан, ата-энелер гана мектепке доо кое алышат. Бирок ар түрдүү кысым болгондуктан ата-энелер акырына чейин күрөшпөй коюшат, — деди.

(Макала Европа Биримдигинин «Кыргызстандын Коомдук кеңештерине жарандык коомдун катышуусун күчөтүү») долбоорунун алкагында жарыяланды.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты