Сирияда россиялык АН-26 самолету кулап, 39 адам каза болду

Сирияда россиялык АН-26 самолету кулап, 39 адам каза болду

Россиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, 6-мартта Сирияда россиялык АН-26 самолету кулап, 39 адам каза болду.
Самолетто 33 жүргүнчү жана экипаждын 6 адамы—баары каза болуп калды.
“РИА новости” агенттигинин маалыматы боюнча, самолет Алепподон Хмеймимиге бараткан. Авария самолет конгону жатканда саат Москва убактысы боюнча 15:00 болуп өткөн. АН-26 жерге 500 метр жетпей кулаган. Ал убакта аба ырайы жакшы болгону айтылат.
Анда 27 офицери каза болгон, алардын бирөө генерал-майор, калгандары прапорщик жана контракт кызматынын аскер кызматчылары.
Болжолдуу маалыматтарга караганда, авариянын себеби самолеттун техникалык жактан бузулушу болгон. Мында самолетту аткылабаганы айтылган.
Коргоо министрлигинин комиссиясы жана башкы аскер прокуратурасы бул ишти текшерет.
АН-26 самолету алыс жана жакын аралыкка жүк ташууга багытталган, ошондой эле жүргүнчүлөрдү да ташыйт.

Булак: РИА новости

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты