Коррупцияга каршы кызматта жетекчи алмашуудан өзгөрүү болобу?

Коррупцияга каршы кызматта жетекчи алмашуудан өзгөрүү болобу?
2018-жылдын 8-февралында Коопсуздук кеңешинде “КР Сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарында коррупцияга каршы күрөшүүнүн актуалдуу маселелери” талкууланып, кескин сынга алынгандан кийин, Улуттук коопсуздук кызматынын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Дүйшөнбек Чоткораев өз арызынын негизинде кызматынан бошотулганы маалым.
Анын ордуна, 6-мартта Исмаилов Сагынбек Сардарбекович Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басарынын рангындагы КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин  Коррупцияга каршы кызматынын директору болуп дайындалды.
Ошол эле күнү, 6-мартта, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Төрөбеков Марат Сүйүтбекович өзүнүн арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.
“Улуттук коопсуздук кызматы—кол тийбес кастага айланды” деп айтып президент Жээнбековдун Улуттук коопсуздук кызматынын Коррупцияга каршы кызматы бир айда 1, 5 гана кылмыштын бетин ачканы сындаганы коомчулук тарабынан колдоого алынууда.
“2017-жылы Коррупцияга каршы кызмат (ККК) кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү багытында болгону 22 пара алуу фактысын  аныктаган. Башкача айтканда, орто эсеп менен бир айда бир жарым факты аныкталган. Өткөн жылда ККК ири жана өзгөчө ири өлчөмдө мамлекеттик мүлктү менчиктеп алуунун болгону 2 гана фактысын далилдеген.
Коррупцияга каршы кызмат эки жыл ичинде 485 кылмыш ишин  козгогон. Анын ичинен 118 гана иш сотко жөнөтүлгөн, 37 гана иш боюнча айыптоо өкүмү чыгарылган. Жогорудагы 485 кылмыш ишинин 154 ү кыскартылган жана токтотулган”
деп сындаган мамлекет башчы.
19-февралда Улуттук Коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары, Коррупцияга каршы кызматтын директору Дүйшөнбек Чоткораев өз арызынын негизинде кызматынан бошотулган. Анын ордуна, 6-мартта Сагынбек Исмаилов дайындалды.
6-мартта, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Марат Төрөбеков өзүнүн арызынын негизинде гкызматынан бошотулду.
Ошондой эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматында ички ротация жүрүп, бир катар кызматкерлер жумуштан алынганы ЖМКда маалымдалууда.
Коррупцияга каршы кызмат УКМКнын карамагында эмес, өз алдынча болсун деп, бул кызмат өз ордун таппай жаткандыгы тууралуу да пикирлер бар. Алсак, генерал-майор Артур Медетбеков кечээ жакында Коррупцияга каршы кызмат өз алдынча кызмат болсун деген оюн билдирди:
“Коррупцияга каршы кызмат УКМКнын же ИИМдин карамагында эмес, өзүнчө болушу керек. Ал өз алдынча болуп, Жогорку Кеңешке отчет берип, ачык жана саясатташпаган болушу керек” дейт Артур Медетбеков.
Мына ушундай эле ойду генерал-майор Марат Иманкулов да айтты:
“Коррупцияга каршы кызматты УКМКнын курамынан чыгарыш керек, аны же борбор же бюро кылыш керек. Ал өзүнчө болуп, башка мамлекеттик структуралардын ишин жөнгө салып турушу керек” деди М. Иманкулов.
Мына ушундай эле ойду “Ата Мекен” партиясы билдирип келгендиги белгилүү.
2011-жылдын 14-декабрында экс президент Алмазбек Атамбаевдин указы менен Улуттук коопсуздук кызматынын алдында Коорупцияга каршы кызмат тузүлгөндө “Ата Мекен” партиясы билдирүү тараткан.
Ал билдирүүдө УКМКнын карамагындагы жалгыз орган Террорчулукка каршы борбор болушу мүмкүн экендиги айтылган.
“Бүгүнкү күнгө чейин Коорупцияга каршы кызмат УКМКнын алдында болушу тууралуу жобо жок” деп айтылган “Ата Мекен” фракциясынын билдирүүсүндө. Ошондон улам Жогорку Кеңеш депутаттары да Улуттук коопсуздук кызматынын алдында Коорупцияга каршы кызматтын болушу мыйзамсыз деп эсептешет.
“Коррупцияга каршы кызматтын бардык чечимдери легитимсиз деп эсептелип, ал кайра кайтарылышы керек” деп айтылган “Ата Мекен” фракциясынын билдирүүсүндө.
Бирок Коррупцияга каршы кызмат Улуттук коопсуздук кызматынын эле карамагында болуп, жогоруда айтылган пикирлер эске алына элек.
5-мартта өткөн митингде укук коргоочулар, жарандар, сот системасындагы өзүм билемдиктен жабыр тарткандар митингге чыгышкан. Анда Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Абдил Сегизбаевдин иштен кетишин да талап кылышкан.
Бул сындан, АКС кызматындагы жетекчи алмашуудан көзгө көрүнөрлүк жыйынтык чыгарылаар бекен же элди алаксытып туруп, кайрадан коңулга кирип кетишээр бекен деп коомчулук үмүт артып турган чагы.

Айжан Айтышева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты