Сооронбай Жээнбеков: “Менин милдетим – түрдүү саясый топтордун кызыкчылыгын канааттандыруу эмес…”

Сооронбай Жээнбеков:  “Менин милдетим – түрдүү саясый топтордун кызыкчылыгын канааттандыруу эмес...”
6-мартта президент Сооронбай Жээнбеков жалпыга маалымдоо кызматкерлери менен жолугушту.
Түрдүү саясый күчтөр ар качан президенттик бийликти өз кызыкчылыгына пайдаланууга умтулушчу. Бирок менин милдетим – түрдүү саясый топтордун кызыкчылыгын  канааттандыруу эмес, элге берген убадаларымды аткаруу. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 6-мартта басма сөз өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.

Жолугушууга республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери, Кыргызстанда аккредитацияланган чет элдик басма сөз каражаттарынын  кабарчылары чакырылды.

Сооронбай Жээнбеков  Кыргыз Республикасынын  Президенти  болуп шайланган мезгилден берки  аткарган иштерине токтолду. Россияга, Өзбекстанга, Казакстанга жана Тажикстанга жасаган сапарлары тууралуу айтып берип, коррупцияга каршы күрөштү ишке ашырууга токтолду.
Президент  укук коргоо, сот жана көзөмөлдөөчү органдардын ишине баа берген 2018-жылдын 8-февралындагы  Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы теманы улантып, коррупцияга каршы күрөш туурасында өзүнчө кеп кылып берди. Журналисттердин көпчүлүк суроолору  дагы ушул багытта болду. Ал суроолорго жооп берип  жатып С. Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштө кыргызстандыктардын, анын ичинде  жалпыга маалымдоо каражаттарынын колдоосуна таянаарын баса белгиледи.
Мамлекет башчысынын   сөзүнөн кийин   жолугушуу “суроо-жооп” иретинде уланды.  Коррупцияга каршы күрөшүү, мүмкүн болчу кадрдык өзгөрүүлөр, сөз эркиндиги жана журналисттерге карата сот процесстери, кен байлыктарын иштетүү, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү жана алдыдагы максаттар тууралуу айтылды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты