Розетта Айтматова, коомдук ишмер: «Аял катышпаса, көйгөй чечилбейт” 

Розетта Айтматова, коомдук ишмер:  «Аял катышпаса, көйгөй чечилбейт” 
2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыяланганы мыкты демилге болду. Анткени, аялдар катышпаса, жергиликтүү көйгөйлөрдүн чечилиши кыйын. Кыргызстандын айылдык кеӊештеринин 86 пайызында аял-депутаттар жок.
Бул тууралуу “Аялдарга колдоо көрсөтүү борборунун” президенти Розетта Айтматова Жогорку Кеӊеште өтүп жаткан Кыргызстан аялдарынын улуттук форумунун жүрүшүндө билдирди.
«Айылдык кеӊештердеги аял-депутаттардын саны 10 пайыздан ашпайт. Ошондуктан, мыйзам кабыл алып, алардын санын бери дегенде 30 пайызга чейин жеткирүү зарыл. Жогорку Кеӊеш биздин өтүнүчүбүздү эске алуу менен, мыйзамды тездетип кабыл алып берет деген ишеничте турабыз. Ал аялдарга арнаган эӊ сонун белек болор эле»- дейт Аялдарга колдоо көрсөтүү борборунун президенти.
Ушул эле күнү Жогорку Кеңеш төрагасы Дастанбек Жумабеков Розетта Айтматованы кабыл алып, энчилүү кол саат тартуу кылды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты