Айылдык кеңештерде — аялдарга квота

Айылдык кеңештерде -- аялдарга квота
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 6-мартта, Жогорку Кеӊеште «Айылдык кеңештерде—аялдар үчүн 30 пайыздык квота» аттуу Кыргызстан аялдарынын улуттук форуму өттү. 

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан келген жүздөн ашуун жергиликтүү кеңештин аял-депутаттары, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, бир катар коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөр “2018-жыл — аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялангандыктан, анын алкагында айылдык кеӊештердеги аял-депутаттардын санын арбытып, көйгөйлөрдү чечүү, аялуу катмар кызыкчылыгын коргоо тууралуу айтылды.
КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкери Миргүл Бакыева «Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга жергиликтүү кеңештердеги аялдардын ордуна байланыштуу түзөтүүлөрдү киргизүүгө токтолду.
Аймактардан келген айымдар аял депутаттардын жергиликтүү кеңештеги ордуна токтолушту. Жергиликтүү кеңештерде аял депутат депутаттык мандатын өткөргөндө, ордуна аял талапкер келиши керектиги белгиленди. Ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасы эркек депутат болсо, орун басары аял депутаттан шайлансын деген сунуштар ортого салынды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты