“Жаз деми” поэзия кечеси

“Жаз деми” поэзия кечеси«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Улуттук филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын, жазуучулардын жана жаш таланттардын поэтикалык кечелеринин сериясын тартуулоону улантууда. Мындай кеченин кезектегиси эл ичинде сүймөнчүлүккө ээ болгон, таанымал акындар Жеңишгүл Өзүбекова менен Элмира Ажыканованын чыгармачылыгына арналат жана Асылбек Өзүбековдун катышуусу менен өтөт.

Кече 2018-жылдын 16-мартында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында өтөт. Иш-чара саат 17.00дө башталат.

Акын, драматург, жазуучу Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, кыргыз телесериалдарынын негиздөөчүсү Өзүбекова Жеңишгүлдүн ырлары мезгилдүү басма сөздө 1986-жылдан бери жарык көрө баштаган. Ал “Жан сырым” “Апамдын махабаты”, “Сыңар сөйкө», “Эң биринчи сүйгөнүм“, “Бийиктик“ аттуу чыгармалары менен кыргыз элине таанымал. Ошондой эле кыргыз телесериалдарынын негиздөөчүчүсү катары анын “Апамдын махабаты”, «Күйөө сатам”, ”Толгоо”, ”Саргарган күндөлүк”, ”Торгой үнү”,  “Бүтпөгөн драма” сыяктуу чыгармалары Кыргызстан эле эмес Казакстан, Тажикстан өлкөлөрүнүн сахналарында да элге тартууланган. Ж.Өзүбекованын ырлары өзүнүн элпек ыргактары жана терең лирикалуулугу менен өзгөчөлөнөт. Анын эл ичинде кеңири ырдалып жүргөн «Көл жана апам », «Күкүк», Кечирип кой” ырларына бир тууганы, КР  эмгек сиңирген артисти , обончу , композитор, ырчы, Асылбек Өзүбеков обон жаратып жана аткарып жүрөт.

Махмуд Кашкари атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаты (2008-ж.) Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын ээси, маданияттын мыкты кызматкери, Кыргыз теле радиосунун отличниги Элмира Ажыканова 1993-жылдан бери Коомдук телерадио корпорациясынын Кыргыз радиосунда эмгектенип келет, Мектепте окуп жүргөндө жазган “Апакем”. “Жылуу жамгыр”, “Жаз жөнүндө” деген алгачкы ырлары райондук гезитте жарык көргөн. Күлгүн курагында “Сүйүү жөнүндө жүз сап” конкурсуна катышып, биринчи орунду ээлеген. Э. Ажыканованын “Көгүш гүлдөр” (2007-ж.) ырлар жыйнагы, “Жанмаанай” (2017-ж.) ырлар жана аңгемелер жыйнагы жарык көргөн. Ал республикалык “Айтыш” коому уюштурган “Мыкты аңгемелер” конкурсунун эки жолку жеңүүчүсү.

Кече Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, заманбап кыргыз өнөрпозу, обончу, композитор, ырчы, театр жана кино актеру Асылбек Өзүбековдун катышуусу менен өтөт. Иш-чараны акын Мирлан Самыйкожо алып барат.

Бл тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунан кабарлашты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты