Ош базарында экинчи жолу өрт чыкты

Ош базарында экинчи жолу өрт чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай,   5-мартта саат 21:07 чамасында Бишкек шаарынын Ленин районунун Киев көчөсү,  №246 дарегинде жайгашкан Ош базарынын  ичиндеги “Сейтек” соода борборунун жыгач устундуу темир менен жабылган, жалпы аянты 700 чарчы метр эки кабаттуу соода борбору толугу менен күйүп кеткен.

Өрт саат 23:13тө чектөөгө алынып, саат 00:40та өчүрүлгөн.  Өрттүн себеби такталууда.

Ушул эле жылы,  30-январда саат 9.48те Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги  ушул эле “Сейтек” кичи базарынан  өрт чыккандыгы маалым.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты