Шыкмаматовдун  соту 13-мартта болот

Шыкмаматовдун  соту 13-мартта болот

“Ата Мекен” партиясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун соту улам жылдырылып отуруп, 5-мартка белгиленген эле. Бирок кечээ, 5-мартта дагы Шыкмаматовдун саламаттыгы оңолбогонун,  инфаркт алдында болуп, адвокаты сотту жылдырууну суранса дагы сот ага макул болгон жок. 

Жактоочу Чынара Жакупбекова Шыкмаматовго “бир калыпта эмес стенокардия, инфаркт алдындагы абал жана тамырлардын 60 пайыз ичкериши” деген диагноз коюп, мындан ары жакшылап дарылануу керек деп айтканына карабастан, сот Адис Момуналиев сот отурумун 13-мартка белгиледи.

Шыкмаматовдун жубайы Жанар Турдакунова сотторго акаарат айтып,  Манас Арабаевдин (ал Сот реформасы боюнча кеңешинин катчысы — ред.)  же Абдил Сегизбаевдин буйругу менен эмес, мыйзамдын негизинде иш жүргүзгүлө деп ыйлады.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда судья Айбек Эрнис уулу Алмамбет Шыкмаматовго  50 миң эсептик көрсөткүчтө (5 млн сом) айып салган эле. Ага Эсеп палатасындагы маселеге байланыштуу кылмыш коррупция жана жасалма документ жасоо беренеси боюнча козголуп жатат.

2011-жылдын 20-сентябрында Эсеп палатасынын төрагасы Сабырбек Молдокулов кызматтык жеңил машина сатып алууга байланыштуу тендер жарыялоо боюнча буйрук чыгарган.  “Мамлекеттик сатып алуулар” тууралуу мыйзам бузулуп, тендер өткөрүлгөн эмес, Эсеп палатасынын аудиторлору жеке адамдар саткан машинаны өздөрү тандап алышкан” деп билдирет Башкы прокуратура.   Тендер өттү делип, жалган документтер даярдалган, тендер комиссиясынын төрагасы Ж. Иманалиев, комиссия мүчөлөрү Алмамбет Шыкмаматов жана А. Юксель сүйлөшүп алып, 5 кишиден “Мерседес-Бенц” машинасын сатып алынды деп келишим түзүлгөн дешет. 2011- жылдын 5-октябрында тендер өткөрүлдү, ага эки компания катышты, бири А. Юксель жетектеген “Би Стар” компаниясы 4 млн 265 миң сом менен, экинчиси  “Барат Люкс” компаниясы 3 млн 368 миң сом менен катышты деп, келишим түзүлгөн.

Башкы прокуратура Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, тендердик арызга “Барат Люкс” компаниясын да коштуруп, ага жубайы Турдакунованын “Мерседес Бенц” машинасын 14 миң 637 долларга,  көтөрмөлөп баалаган дейт. Эксперттердин баасы боюнча мындай машиналар 10 миң доллардын тегерегинде дешет.  Эсеп палатасынын кызматкерлери  мыйзамды бузуп, бюджетке  залал келтиргенине Шыкмаматовдун да тиешеси бар деп айып тагылган.

Ал эми Алмамбет Шыкмаматов  ”Бул жерде чектен чыгуу,  коррупция жок, мамлекетке зыян келтирилген эмес.  Ресурсту пайдаланып, УКМК, Баш прокуратураны пайдаланып, күч органдары азыр кылмыш ишин кимге болбосун жабыштырып, торго салып салышы мүмкүн. Бирок 5-10 жылдан кийин Сегизбаев сот жана кудай алдында жооп берчү мезгил келет. Мен алардан жана алардын камагынан коркпойм. Сатылып алынган ошол 4 машинанын ичинен менин жубайыма тиешелүүсү эң сонун абалда, сатылган баасына татыктуу. Тендерди 7 кишиден турган комиссия өткөргөн. Машина тендерден утуп чыккан фирмадан сатып алынган” дейт  Алмамбет Шыкмаматов.

Айжан Айтышева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты