“Жасалма ооганчылардан”кийинки жаңы дайындоо

“Жасалма ооганчылардан”кийинки жаңы дайындоо

6-мартта президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Кедеев Нурсейит Бектемирович Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.  

Нурсейит Кедеев 1968-жылдын 14-августунда  туулган. Жогорку билимдүү. Кургандагы жогорку аскердик саясий авиация окуу жайын аяктаган.   Белгилей кетсек, ал командирдин орун басары болуп иштеген  аскер бөлүгү өткөн, 2017-жылдын жыйынтыгы менен, мыкты жөө аскерлер бөлүгү деп табылган.

Ал эми буга чейин Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеп келген Курбанов Адылбек Умарович өзүнүн арызынын негизинде кызматтан “Жасалма ооганчылардан”кийинки жаңы дайындообошотулду.

Белгилей кетсек, Адылбек Курбанов президент Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдын 20-декабрында Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарлык кызматына дайындалган. Ага чейин Коопсуздук Кеңешинин биринчи орун басары болсо, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин трагасынын орун басары болуп мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 2015-жылы 27-ноябрында да дайындалган эле.

Президент Сооронбай Жээнбеков өзү дайындагандан үч айга жетпеген убакытта Адылбек Курбановду, өз арызынын негизинде болсо да, кызматтан алууга эмне себеп болду деген мыйзам ченемдүү суроо туулат.

Мында жакында өлкөнүн аскер комиссариаттарындагы “жалган-жасалма ооганчылардын” түзүлгөнү жана аларга жасалма пособие чегерүү менен мамлекетке ири суммадагы  чыгым келтиргендиги да себеп болгондур.

Эсиңиздерге сала кетсек, жакындагы маалымат боюнча, Аскер комиссарлары  пособие алуу максатында өлкө боюнча 46 жасалма “ооганчы” жасап, мамлекетке 23 млн 700 миң сом зыян келтиргени аныкталган.  

1-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, КР Аскер прокуратурасы тарабынан Ош шаарынын, Ноокат, Кадамжай, Кара-Суу райондорунун аскер комиссариатынын  кызмат ээлерине 304-берене (кызмат абалынан кыянат пайдалануу), 315 (кызматтык жасалмалык), 166-берене (шылуундук) боюнча кылмыш иши козголгон.

Аскер комиссариатында  иштегендер айрым жарандар менен сүйлөшүп алып, аларды Ооганстанда аскердик кызмат өтөбөсө да, аскердик кызмат өтөдү  деп аскердик документтерине жаздырган. Жасалма  46  “ооганчыга” жасалма күбөлүк берилип, аларга айына 6 миң сомдон акча төлөнүп турган.

Аскер комиссариаттарынын мыйзамсыз аракеттеринен улам,  Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети тарабынан көзөмөл болбогондугунан,  2010-жылдын январь айынан 2017-жылдын декабрь айына чейин мамлекеттик бюджеттен 23 млн 700 миң сом төлөнүп берилгендиги аныкталган болчу.

Айжан Айтышева   

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты